Чыңгыз менен Бүбүсаранын махабаты

Эки көз жалгыз эмес эле, тагдыр дегениң эгиз кылып, сүйүү дегениң бул дүйнө менен тигил дүйнөнү бириктире тагдырлаш кылып, жанына жанын кошуп, канына канын куюп таштаган эле. А бирок арманы ажал бул дүйнө ал экөөнү көңүл жалгыздыгынан чыга алгыс кылып муңканта муңун берип камап салган эле… Атаңдын көрү кең дүйнө, бирди эки кыла албай, экини жетиге жеткире албай, жалгыздыкты сан жеткис деп айта албай жалдырап, анан көңүл жалгыздыгын өзүңө батыра албай турганың сенин, ушу сенин кенендигиңби?.. Аттигиниң Кудай ай, адам деген жалгыздык менен өзүнүн Жаратканына, Жараткан жалгызына жанашат окшойт, жалгыз Теңирине теңелет окшойт. Мындай касиетти адам баласына Жараткандын өзү берип, теңелүү менен жанашууну да Жараткан өзү жаратат окшойт. Ооба, бу ааламда Жараткан да, тагдыр да, сүйүү да, адам да жалгыз. Андай адам эч качан, эч жерде кара башын хан санап жашабайт, сүйүү менен жалгыздыкты жалгыз жаны, Кудайы көрүп, тагдырын тагындай көрүп, өмүрүн даулдаган кызыл өрт кылып өтөт. Адам деген, тагдыр деген, жашоо деген ушундай экен. Чыңгыз табият менен дүйнөнүн, өмүр менен тагдырдын мындай жарыгы менен караңгылыгы тең жарышкан мыйзамын көрдү. Айрыкча ал Бүбүсаранын кайра кайтпас жолго салар оорусу ачык болгондон баштап тагдырына да,  жүрөгүнө да багынып берди. Анын тагдыры менен махабаты, турмушу менен тилеги жакындарынын, өз деп саналгандардын көңүлүндө, жүрөк тереңинде жазмыштын жазган купуя, ары аялуу сыры катары сакталып келсе, эми бир келген өмүрдүн өзүнүн гана өзүнөн ашкан арманы болуп, өзүнүн гана өзүндөгү кеч келди деген, а бирок кечирими бар сүйүү дастаны болуп айтыла баштады.

Кунцеводо экинчи жолу жатышы беле, айтор, кайтпас дарттын азабын ал эмес Чыңгыз тартып калган кез эле. Окумуштуу медиктердин, дасыккан дарыгерлердин айткандарына караганда, эми Бүбүсаранын оорусун Бүбүсаранын организми гана билет. Каректин нуру, кан тамырдын кагышы качан, кантип өчөрүн да, токторун да Бүбүсаранын организми билет. Бүбүсаранын организми менен Бүбүсаранын оорусу жаралганда бир жаралган, бири-биринен ажыратууга эч мүмкүн болбогон ажырыктын тамырындай кыйма-чийме чиеленишкен абалга жетип калган эле.

Ошол үчүн ага эркиндик, көңүл шаттыгы гана керек болчу. Чыңгыз муну ошол жерде иштеп, ошол жерден орден алгандай билчү. Анткени Александр Твардовский да алып тынар аты жаман оорунун айынан ушу Кунцеводо далай жаткан. Ал ооруканада жатканда Чыңгыз бу Москвага келип калса устатынын акыбалын билип, көңүл черин жазыш үчүн ушул жерге келчү. Айтор, бул жер ага башынан тааныш, бак-дарагы, гүлзарлары көздү алган Кунцево ооруканасы өзүнчө эле чакан шаар. Жакының келип бак аралай кеттиңби, көңүлүң ачып, эс алып, жан жыргал көрүп жатарда келсең да болот. Бул жерде өлгөндөн башканын бардыгына-уруксат. Ошол Александр Твардовский 1971-жылдын он сегизинчи декабрында, алтымыш бир жаш курагында дүйнөдөн өткөн. Эми минтип Бүбүсара…

Эмнегедир ошондо Бүбүсара Чыңгызынын келерин желден сурап, жер тыңшап билип алгансып сырткы, короонун дарбазасынын жанынан тосуп алган.

– Бир мүнөт… Жок, жарым мүнөт кечигип калыптырмын,-деген ал Чыңгызды көрө эркелеп. Анан бак аралай кеткен жолго түшкөндө алардын каптал тарабынан:

– Эй, Сулуу кыз! Кайда качып баратасың? Кармалдыңбы? Эми бери келгиниң,-деген үн чыкты. Чыңгыз бул үн чыккан жакты шашыла да, чочулай да карады. Бүбүсаранын доктуру го, андан качып, анан мага кез келип, эми минтип из жашырып кетерде кармалган окшойт деп ойлоп жиберди. Ак халат кийгендерден эч ким жок. Жашыл жамгырдай жерге жаап турган чоң ак кайыңдын түбүндөгү орундукта бир аял отурат. Бир жерден көргөн, бирок азыр аны эстеп, өзүнө өзү эсеп-кысап берүүгө убакыт жок. Кусалык кумары, кездешүүнүн керемети дүйнө унуткарып, дүйнө жоготуп бараткан.

– Ой, мама! Качканым жок. Көгүчкөндөр күйөөң келди дегенинен сизден уруксат сурай албай чыгып кетпедимби. Кечирип коюңуз. Анан келем.

Бүбүсара адатынча эркелей да, тамашалай үн катты. Тигил «мамасы» аларга ойлуу да, сынай да караган бойдон башын ийкеди. А бирок алардан көзүн алган жок.

– Тааныдыңбы?-деди ал Чыңгызга ошол замат.

– Жок. Өңү тааныштай, а бирок биле албай турам.

– Шульц Ольга Николаевна.

– Шульц?.. Ал ким? Кинодогу фамилиялардай экен.

– Ооба. Андровскаячы? Ольга Николаевна. Актриса. Мени менен бир палатада жатат дебедим беле? Экөөбүздүн оорубуз бипбирдей. Кудай бизди жакшы көрүп, экөөбүзгө бир оору берген экен, мен кетейин, сен калгын деп коёт.

– Жакшы киши экен. Билем, эми эстебедимби? Баягыда көрбөдүм беле? Канчада экен?

– Канчада эле? 1898-жылы төрөлгөм дейт. Кадимки Станиславскийдин окуучусу экен. 1927-жылы, жыйырма тогуз жашында, ошо Станиславскийдин түздөн-түз жетекчилиги менен жанагы Фигарочу? Эмне эле?

– Аа,«Будуң-чаң түшкөн күн же Фигаронун үйлөнүшүн» айтып жатасыңбы?

– Ии, ошол. Ошол «Безумный день или женитьба Фигародо» Сюзаннанын ролун жетерине жеткире аткарып салып, элге чагылгандай таанылгам деп калат. Оору деген оору да, азыр… Чачын тармалынан жаздырбайт, арыктап калды, көздөрүнүн үстүнкү жаргагын сурма басып… Билинип турат. А бирок абдан кайраттуу. Мени сулуу кыз деп коёт, а мен аны апа деп көңүлүн көтөрөм. Кээде гана, эртең менен туруп бети-колун жууганы баратып, «аз калды» деп коёт. Билет окшойт.

Чыңгыз унчуккан жок. Ошондо ал биз баш кошсок Бүбүсара оорубай калат беле деп ойлоно берчү болду. Азыр да ал ушул оюна муунуп, ушул оюнун чын-жалганын биле албай кыйналып жатты. Кыйналганда эмне, өз акылы өзүнө араң жеткен бирөө болсо башка эле, өзүнөн кетти. Сүйүү экенин, башка экенин түшүнүп-түшүнбөй туруп, аял лаззатына бүт кумарын берип салып, анан апасынын кытай сепилиндей сөзүнөн улам, ажалдын чеңгелинде калган жалгыз жанын аман алып калгандай болгон. «Керезди мен жактырып, мен алганмын. Керезди мен жактырып, силерге жакшы күн келгиси бардыр деп төлгө кылып, башына ак шалы жоолук салганмын. Алган келиним агарды, биз менен кошо көгөрүп чынар болду. Жакшы күн келди, төлгөм так сүйлөп, баарыңарга бак айтты. Кетирсең, мен да Керез менен кошо кетемин»,-деген сөзү Бүбүсараны эстегенде эле эс-зээнинде жаңырыктап, азабойду чымыратып жиберчү. Апасынын көзү өткөндөн кийин көкүрөк-көөндүн бир  жеринде, жүрөк деген тили жок байкуштун кылдан ничке бир тамырында кала берген ой-тилек кайрадан анын тынчын алып, кайрадан анын капкалуу шаарына кире баштаган эле.

Алгач Бүбүсараны «биз баш кошсок оорубай калат» деп жүрдү. Анан үмүт байкуш анын бүт кыялын кыйратып, акыр аягында өзүнө-өзү канжар урганда алмалуу бактын четиндеги күзгү теректей болуп жалгыз калган. Азыр ошону эстеди. Анын Бүбүсара оорусу жөнүндө сүйлөшкөндү анча жактырбайт. Ал жөнүндө ойлобош керек дейби же ойлонсо өзүн жаман сезип кетеби, айтор, жаман көрөт. Оорум андай-мындай деп кейип-кепчип кеп да кылбайт. Ар нерсени айтып өзүнүн да, башканын да көңүлүн чөктүрбөйт. Өзү айткандай ал доктурунун алдына барганда гана оорулуу, палатага киргенде эс алуучу. Бак аралай чыкканда далайдан бери ушул жерде жашаган адам.

Ошондон уламбы аны бул жердегилердин бардыгы тааныйт. Аны көрө калгандар айтканым айткан, акыры бир күн жеңериме жетем да, актыктын алдына таазим эттирип, андан соң боюңду матабай түзөп туруп алып тынам деген дарт алышканын жаңырган айга бир каш кагымга болсо да жанаша калгандай унутуп жиберишет. Ал эми маңдайынан жылдыз жанып, көздөрүнөн өмүр кубанычы төгүлүп турган Бүбүсара менен жайынча эле ал-жай сурашып калгандар болсо, бул жашоонун жарыгына жолугуп, дилсыздатып, тамыр кагышын бузган азаптан арылгандай болушат. А бирок алар бу кезде кайып жалгаштан жаралып, кыдырдын жалгыз кызындай сезилген Бүбүсаранын Кудайдын берген кесели менен Кудайдын айткан тагдырынан улам жылдыз жанып, күн чыкчу кареги өчүп карайлап, кара чачтай караңгылык капкандап алганын билишпейт.

Ооба, жер тиштеген аязда да аны көргөн чычырканак күн кылайып чыкканда чымын канат бүр алып, түш болгондо тикенектери гүлдөп, жылдыз жанар алдында мөмө байлап жибергендей туюлган, Жаратканы өз жанынан жараткан бул периштени билиш үчүн жалгыз эле көздүн, жалгыз эле жүрөктүн акыл-эси жетишпейт эле. Аны баалап-тааныш үчүн Айчүрөктүн Айчүрөк экенин тагдыр акылмандыгы менен жаземдебей тааныган Акундун кызы Айчүрөктүн өзүнүн кеменгер айлакерлиги, Күн баласы Күлчоронун элде жок эрдиги, кан Манастын Семетейинин баатырдыгы менен жүрөгүнүн көзү керек болчу.

Ошондой жүрөк, ошондой көз, ошондой акыл Чыңгызда да болгону менен, адамдык баатырдык менен эркектик эрдикке ал негедир бара албай койду.  Эмне үчүн ал антти, ага эмнелер тоскоолдук кылды, муну өзү да бир туруп биле албай калып билет да, бир туруп билгенин кайра биле албайт. Аны да ойлойт, муну да ойлойт, анткен менен каккан казыктай бир ойго токтой албайт. Өзүн өзү ишендирген же кубандырган, негедир кийинки кездерде кечигип келген кайгыдай, адашып калган тагдырдай сезиле баштаган бир арман, буга чейин туюлуп-туюлбай жүргөн өмүр өксүгү күн өткөн сайын жүрөккө жетип-жетпей сайылган бойдон кала берген канжардын сыныгындай кыйнай берчү болду. Кыйналган жүрөк эми минтип соккон сайын тагдырдын жалгыздыгына чыдай албай кылыч мизине урунуп туру.

Чыңгыз менен дил байлашып, бир жүрөктүн кагуусунда жашаган жылдары Бүбүсара эки гана нерседен корккон. Корккон менен ал Чыңгыз эмне дээр экен, Чыңгыз качан айтаар экен, эгер айтса ошонун айтканындай, ошонун чечкениндей болсун деп, биринчиден, аялзатынын жолу менен, экинчиден, таалай-күнүн тайкы кылган тагдыр запкысынан улам жалтак болуп, дагы эмне болуп кетет деп айыптуудай тартынчыктап жүргөн. Анан мезгилди мезгил кубалап, жыландай жылган жылдар өттү. Өткөн жылдар негедир ага анын көкүрөк тушунан чагып алып, шырп билдирбей кетип калган жыландай туюлат. Канча сөз, канча жек көрүүлөр болду. Ушак ууктуруп, жалган сөз жабыктырып бүтпөдүбү.

Кеткен жылдар Чыңгыз экөөнө канчалык кызык болгону менен кырк муунду алып, кылыч мизинде титиретип, тамыр каккан сайын жүрөккө жетип, тикенек болуп сайылган жактары да бар. Ошол үчүн ага ар дайым кетер күн кызык да, келер күндүн жарыгы коркунучтуудай туюла берет. Арты өкүнүч, алды кызык бул дүйнөнүн ар күнү ага кандайдыр бир алаамат алып келчүдөй, өзүнө-өзү ишене албай араң турган жандүйнөсүнө дагы бир тагдыр кыяматын салчудай боло берет.

Ушундай кырдаал кылыч миз боло кырын сала калганда Бүбүсара эстебейин, оюма албайын десе да болбой аны эки нерсе тозок отундай кыйнап жиберет. Бири – ушул Чыңгыз экөөнүн мамилеси, Чыңгыз экөөнүн тагдыр берген махабаты, Жаратканы айткан жазмышы. Экинчиси – эстей албайт, эстегиси келбесе да, ал жалгыз калганда, өзүн өзү эстегенде, Чыңгызды, Чыңгыз экөөнү ойлогондо жер титиреп, тоо көчкөндөй болуп өзү келет. Андай кезде Бүбүсаранын өзү да сына турган кайың сымал чачына чейин калчылдап, айнектей көзү тунарып, карегинен нур өчөт да, жалдырама тийгенсип тил-оозунан айрылып, жаңырып чыккан үн жанымды, бир гана жалгыз жанымды албаса экен деп бүк түшө отуруп берет. Капыстан келип, кара жанын көзүнө көргөзгөн, өчүрүп тынар өчү бар өнөкөт жүрөк дартындай болгон бул абал аны өлтүрүп туруп, кайра өзүн тирилтип кетет. Ошол үчүн аны эстебейт, эсине түшкөнү калганда ар нерсеге алаксып, башка нерсени ойлогонго тырышып, өзүнөн өзү качууга шашат.

Чыңгыз экөөнүн тагдыры байланышып, кайра жангыс чыңалган абалга жетсе да, бир нерседен, жүрөгү зырп дей түшөт. Чыңгыздан эмес, Чыңгызды бала-чакасынан бөлүп, чымчыктай кезден баш кошкон аялынан ажыратып алгандан да эмес, аны менен жашагандан кийинки өзүнөн коркот, өзүнө-өзү ишенбей кетет. Ишенип туруп эле, бүт баарына көзү жетип туруп эле ишенбей, коркуп кетет… «А кокус,-дейт мындай учурда өзүнө-өзү суроо салат,-ал экөөбүз… Анда, мен жанымды кыйып салганым жакшы.

(Уландысы кийинки санда)

Автор: Самсак Станалиев   “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” романынан үзүндү

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *