Чыныбай Турсунбеков, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Азыр мыйзамдуу иштегендер атаандаштыкка туруштук бере албай калышты”

-Чыныбай Акунович, бүгүнкү жыйында контрабанда аябай күчөп кеткени айтылды. Мурунку ишкер катары аны жоюунун жолдорун эмнеден көрөсүз?

– Биз 180 миллиондук рынокко чыга алган жокпуз. Чыккан менен тилекке каршы, мүмкүнчүлүктөрдү жоготуп атабыз. Анын бир эле себеби бар. Чет жактан товарлар Кыргызстанга ээн-эркин кирип жатат (биздин мамлекет ушунчалык ачык эшик болууда), ал эми биз чыгарган товарларды көрүп атасыңар. Казакстандын чек арасында түрдүү тоскоолдуктарга учурап, Россиядан болсо ар кандай стандарттарга таянып артка кайтарылууда. Айтор, жасалма тоскоолдуктар көп. Бул маселенин бир чоң өңүтү. Экинчи чоң өңүтү- аларда товар өндүргөндөргө чоң дотациялык жардамдар бар. Мамлекеттин мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, же салыкты жеңилдетип беришет, же өндүрүш ачкандарга акчалай жардамдар каралат, инфраструктурасын мамлекет толугу менен өз мойнуна алат. Ал эми бизде болсо инфраструктурасын түзүп бергенди мындай кой, текшерүүчүлөр жалаң ошолорду келип текшеришет. Салыкчылар да алардын мойнунда отурушат. Ошол эле учурда күч түзүмдөрү Кыргызстанга мыйзамсыз товар алып киргендерге жардам беришүүдө. Бул мекенчилдик сезими жок кишилер мамлекеттик кызматтарга көбүрөөк отуруп алышкандарын көрсөтөт.

– Демек, контрабанда ишкерликти өнүктүрүүгө аябай жолтоо болот турбайбы?

– Дистрибьютор деген ким? Ошол эле Казакстандан, Россиядан же башка өлкөлөрдөн товар алып келгендер. Алар товарды расмий алып келип, чек арадан өткөрүп, салыктарын төлөп, анан базарларга, дүкөндөргө таратып атат да. Азыр алар атаандаштыкка туруштук бере албай калышты. Себеби, кээ бирөөлөр контрабандалык жол менен (бир-эки «крышевать эткен» кишилерге төлөп коюп эле) сатып атышат. Аларды көзөмөлдөгөн, салыгын сурап барган киши жок. Сокурлардын, мунжулардын, кайырчылардын атынан патент ала коюшуп эле иштеп атышат. Ар ким жеңил жолуна качырат да. Демек, бизде салык системасын
өзгөртүү керек. Өзү патент системасын кол өнөрчүлүк менен шугулданган, же болбосо эки-үч киши, же үй-бүлөсү менен оокат кылган өтүкчү, шырдакчы сыяктуу кишилерге эле калтырып, калгандарынын баарын бир система менен салыкка өткөрүү зарыл. 500 млн. сомдук обороту барлар патент менен иштеп, 50 млн. сомдук обороту барлар салыктын баардык түрүн төгүп атышса, кимиси рынокто калат?

-Жанармайды эле алсак, аны Кыргызстанга ташып келүүгө кеткен баардык чыгымдарды кошкондо, рыноктук баасы 39 сом болот экен. Ал эми контрабандачылар 33 сомдон сатышууда.

– Ортодогу 6 сом айырма баарын тойгузат. Чек арадан өтүп атканда көз жумуп койгонду да, барып текшергенди да. Ар бирине 50 тыйын, атүгүл бир сомдон бергенден кийин өзүнө 3 сомдон калса дагы утушта болот. Башка товарларда 50 тыйын айырма менен эле утуп атпайбы. Ишкерликтеги эң чоң күрөш керек болсо бир тыйындан башталат. Алты сом – бул чоң айырма да.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *