Чыныбай Турсунбеков өз декларациясында 6 компаниясын жашырып койгон, анын үчөөсүндө чет элдик кош ээлери бар

Кыргызстандын мыйзамы парламент депутатына бир эле учурда бизнес кылууга жана мамлекеттик кызматта болууга тыюу салынганына карабай, 37 депутат тигинисин же мунусун кошо ала жүргөнү жүргөн.

Ошондой депуттардын бири – Жогорку Кеңештин экс-спикери, КСДП фракциясынын депутаты – Чыныбай Турсунбеков. “Декларатор” долбоорунда жарыяланган маалыматты депутаттын декларациясы менен салыштырып көрсөк, Чыныбай мырза 6 фирманын жана бир кооперативдин кош ээси жана жетекчиси экени аныкталды.  Белгилей кетсек, 6 ЖЧКнын үчөөндө – чет элдиктер кош ээлик кылышат экен. Ал эми депутат өз декларациясында бул уюмдарды атаган эмес.

ЧЫНЫБАЙ ТУРСУНБЕКОВДУН ДЕКЛАРАЦИЯСЫ

2015-жылдан 2017-жылга чейинки маалыматка ылайык, депутат 41 млн 185 миң 188 сом иштеп тапкан, ал эми жакын туугандары – 122 млн 367 тыс. 981 сом тапкан.

Анын ичинен 2015-жылы Турсунбеков 889 тыс. 686 сом иштеп тапкан. Мүлкүнөн 35 метр кв.тан 214 чейинки 6 батир, ошондой эле жашабай турган 418 метр кв. турак жай, ар бири 22 метр кв.ты түзгөн 4 гараж, ошондой эле 2.0 гектар жер тилкеси көрсөтүлгөн. Башка мүлктөрүнөн – Мерседес Бенц 313 CDI, V=2148 Д. микроавтобусу катталган.

Жакын туугандары ошол эле жылы 100 млн 902 миң 713 сом иштеп тапкан. Төмөнкү мүлктөрү көрсөтүлгөн:

  1. Үй – 360м2 ;
  2. Батир – 97м2;
  3. Киши жашабаган турак жай – 432м2;
  4. Жер тилкеси – 0 га;
  5. Киши жашабаган турак жай – 83м2;
  6. Үй – 81м2;
  7. Үй – 374м2;
  8. Үй – 109м2;
  9. Жер тилкеси – 6га;
  10. Жер тилкеси – 3га;
  11. Жер тилкеси – 3га;
  12. Батир – 33м2;
  13. Батир – 238м2;
  14. Батир – 316м2;
  15. Батир – 200м2;
  16. Бүтпөгөн объект – 338м2.

Туугандарында башка мүлктөрү да бар – Лексус 570, 2013-ж., V=5700 куб жана Мереседес МЕ-350, 2006-ж., V=3,5. Автоунаалары.

2016-жылы Турсунбековдун кирешеси 974 тыс. 684 сомго жеткен. Ошол эле жылы жакын туугандарыныкы кыйла азайып, 18 млн 918 тыс. 244 сомду түзгөн. Биринчи жолу чыгым – 1 млн 725 тыс. сомду түзүп олтурат.

Депутаттын мүлкү жөнүндө маалыматтар өзгөргөн эмес, туугандарында 0,1 гектар жер тилкеси жана 2016-жылы чыккан Тойота РАВ 4, V=2.5 автоунаасы кошулган.

2017-жылдагы декларациясында депутаттын кирешеси 39 млн 320 тыс. 818 сомго (!) жетип олтурат. Ошол эле учурда туугандарынын иштеп тапканы азайган: 2 млн 547 тыс. сом.

Мүлктөрүнөн 156, 181 жана 214 метр кв. үч батири, 22 метр. кв. 4 гаражы көрсөтүлгөн.

Жакын туугандарынын төмөнкү мүлкү келтирилген:

  1. Үй – 360м2;
  2. Батир – 97м2;
  3. Башка конструкциялар – 432м2 жогору көрсөтүлбөгөн;
  4. Айыл-чарбасына ылайыктуу эмес жерлер – 0га;
  5. Башка конструкциялар – 83м2 жогору көрсөтүлбөгөн;
  6. Үй – 81м2;
  7. Үй – 374м2;
  8. Үй – 109м2;
  9. Айыл-чарбасына ылайыктуу эмес жерлер – 9 га;
  10. Батир – 238м2;
  11. Айыл-чарбасына ылайыктуу жерлер – ;
  12. Үй – 316м2;
  13. Үй – 200м2;
  14. Бүтпөгөн курулуш объектилери – 338м2.

Башка мүлктөрүнөн Лексус-570 жана Мерседес МЕ-350 жок болуп, 2016-жылы чыккан Тойота РАВ4 автоунаасы пайда болгон.

БИЗНЕС

КРнын Юстиция министрлигинин ачык базасында жана OsOO.kg сервисинде депуттатын 6 компания менен бир кооперативге тиешеси бар экени айтылат. Мындан тышкары Турсунбеков 4 фирманын жетекчиси, үчөөндө чет элдиктер кош ээлик кылат.

Ошентип Чыныбай Турсунбековдун төмөнкү компанияларда үлүшү бар:

Чет элдик кош ээлик кылган «Акун Курулуш» ЖЧКсы. Ишмердүүлүгү: башка топторго кирбеген ар кандай курулуш-монтаж иштери. Компания 1998-жылы негизделген, депутат менен кош ээси – «Оркимсен Кимья Санайи Ве Тиджарет Лимитед Шти» фирмасы.

Чет элдик кош ээлик кылган «АКТЕК-КУРУЛУШ» ЖЧКсы. Ишмердүүлүгү: киши жашай турган жана жашабай турган турак жайларды куруу. 2006-жылы кайра каттоодон өткөн. Ээлери: Турсунбеков Чыныбай Акунович, Харут Али Ильяс жана Сыдыков Руслан Алымухамбетович. Фирманын жетекчиси – Чыныбай Турсунбеков.

Кыргыз-Түрк биргелешкен “Алчын” ЖЧКсы. Ишмердүүлүгү: товар салынуучу желим идиштерди чыгаруу. Фирма 2001-жылы каттоодон өткөн. Ээлери – Али Хаджи Алиоглу, Турсунбеков Чыныбай Акунович, Абдразакова Кулбаара Аскаровна жана Конурбаев Мирлан Алиаскарович. Жетекчиси – Чыныбай Турсунбеков.

«Акун-Агро» ЖЧКсы – негизги ишмердүүлүгү көрсөтүлгөн эмес. 2001-жылы кайра каттоодон өткөн. Ээлик кылган «Альтаир» чарбасы өз ишин токтоткон. Дагы бир ээси – «Акун» ЖЧКсы, жетекчиси – Турсунбеков.

«Асаба» саясый-коомдук гезититин редакциясы ЖЧКсы. ЖЧК 2001-жылы катталган. Депутат кош ээси. Жетекчиси – Медералиев Жумабек.

«Геракл» ЖЧКсы. Түрү: Ар түрдүү спорт ишмердүүлүгү. Үч ээси бар – депутаттын өзү, Өмүрова Назира Кыязовна жана Койчиева Венера Капаевна. Компания 2002-жылы катталган. Жетекчиси – Койчиева Венера Капаевна.

«Жийде-Бак» үрөн кооперативи. Дан өсүмдүктөрүн (күрүч менен кара күрүчтөн башкасын) өстүрөт. Ал 2002-жылы катталган. Ч.Турсунбеков кош ээлик кылат. Жетекчиси – Эшимбеков Алязкар Салбарович.

САЛЫК ТӨЛӨӨЧҮ КАТАРЫ

“Ачык бүджет” порталынын маалыматына ылайык, «АКТЕК-КУРУЛУШ» 2011-жылдын 5-мартынан 2018-жылдын 7-мартына чейин мамлкетке 165 миң 589 сом төккөн. Ал эми «Акун Курулуш» ЖЧКсы, «АЛЧЫН» ЖЧКсы тууралуу маалымат жок.

Дагы үч фирма – «Акун-Агро»,«Асаба» гезити, “Геракл” ЖЧКлары, ошондой эле “Жийде-Бак” үрөн кооперативинин да салык боюнча маалыматтары жок болуп чыкты.

ЭМНЕГЕ МЫЙЗАМСЫЗ?

Депутатар мыйзам чыгарып жаткан соң, мыйзамдар менен эрежелерди кынтыксыз аткарууга милдеттүү. Бирок практика жүзүндө Кыргызстанда андай болбой келет.

“КРнын  Жогорку Кеңешинин депутатынын макамы жөнүндө” мыйзамдын 5-беренесинде мындай жазылган: парламенттин депутаты бир эле учурда мамлекеттик же муниципалдык кызматта боло албайт, ишкердик менен алектене албайт, кооммерциялык уюмдун жетекчилик органынын жана байкоочу кеңешинин курамында боло албайт”.

Ошондой эле ЖК депуттары башкаруу органдарынын, байкоочу кеңештердин, КРнын аймагында башка чет элдик коммерциялык эмес уюмдарынын курамына кире албайт.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *