Чыныгы атаандашуу Бабанов менен Төрөбаев ортосунда болот

Күзүндө болчу президенттик шайлоо баарынын бүйүрүн кызытып турат. Элди бүгүнкү ажо А.Атамбаев кызматынан кантип кетет, анын кийинки тагдыры кандай болот жана бул бийликтин тушунда чалынган боткону кантип “аш” кылабыз деген ойдон да башка маселе – “Ким президент болот?” деген суроо кызыктырууда.

Али эрте экендигине карабай, ажолукка аттанып чыгып, алдын ала даярдыгын жүргүзүп жаткан бир катар саясатчылар бар. Шайлоо жакындаганда алардан башка да толгон-токой талапкерлер чыгаары шексиз. Бирок, бүгүнкү күндө “мен болом” деп чыккандар менен бийлик таптап жатат деген үлкөндөрдү сыдыра карал керсек, кимдин кыйындыгын билип эле турабыз.

Ак үй президенттин аппарат башчысы Сапар Исаковду алып чыгышы мүмкүн деп эл арасында айтылып келатат. Мындай пикирлердин чыгышына С.Исаковдун кийинки мезгилдерде коом назарына байма-бай чыгып, мамлекеттик маанилүү иш-чараларга А.Атамбаевдин атынан катышып жатканы түрткү болууда. Үлкөн саясатчыларды, чет элдик уюмдардын өкүлдөрүн, элчилерди кабыл алып, калбаат тур менен кандайдыр бир маселелерди талкуулайт, ал эле эмес, мамлекеттик кызматкерлерге арналып салынган турак-жайлардын ачкычын расмий түрдө тапшырат. Ал ошондой эле, адистерге мамлекеттин атынан “Таза коом” деген программаны жаздырып, элге өзү алып чыгып жарыялап, бийликтин ММКларынан байма-бай көрсөттүрүп жатат. Адистер
эгер бийлик С.Исаковду алып чыкса, “Таза коом” анын шайлоо платформасынын негизги өзөгүн түзүшү мүмкүн, ошондуктан ал алдын-ала ошол программаны элге сиңирип, түшүндүрүү менен алектенип жатат дешет.

Д л эми ажолукка аттанып жаткан Лмурунку премьер-министр Темир Сариевдин дарамети ашып кетсе орто заар көрсөткүчтүк ураарын өзү билбесе, кулагына айтып коёр киши табылаар. Ага бир кездери тагылган “регионалист, трайбалист” деген ярлык өз милдетин ашыра аткарып берет, эл андайды унутпайт. Ошондой эле, 2010-жылдагы Т.Сариев менен А.Бекназаровдун миллиондорду бөлүшө албаган аудиожазуусу, премьерликтен Балыкчы-Корумду жолундагы жемкорлук чыры менен кеткен фактылар өз таасирин тийгизбей койбойт.

Ал эми бул кан кызыткан кармашта реалдуу атаандашуу “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен “Өнүгүү-Прогресстин” башчысы Бакыт Төрөбаевдин ортосунда болоорун күтсөк болчудай. Экоенун тең эл арасында кадыр-баркы баргаи сайын калыңдап, аброй топтоо иштери системдуу жана натыйжалуу жасалып жаткандай. Ошондуктан, кыргыздын ушул эки уулуна бир аздан токтоло кетели.

Өмүрбек Бабанов Бакиев кезинде 2006-2007-жылдардагы Ак үйдү ары-бери чайпаган митингдерде элдин духун бийик көтөрүп, акциялардын башкы генераторлорунун бири болуп турчу. Кийин А.Атамбаев “көпүрө” болуп кеткенден соң анын жолуна түштүбү, 2009-жылы Өкмөт башчынын биринчи орун басары болуп кетти. “Максим Бакиев менен жакшы алакада, ошонун жардамы менен аэропортко май ташыган ири бизнесин гүлдөтүп жатат” деген сыяктуу кептер артынан ээрчиди. 2010-жылдагы апрель төңкөрушүнөн соң бийлик сересине кайра көтөрүлүп, депутат, вице-премьер, премьер-министр кызматтарын аркалады. Аргымак ат парага алган деп айыптап жыгып түшүштү. Коррупция боюнча артынан сөз ээрчиди. Бирок, мамлекеттик башкарууда бир катар кардиналдуу реформаларды жасай алганы, өз алдынча чечкиндүү кадамдарга бара алаары да элдин назарын бура алды. Кийинки кездери
саясаттагы кадамдарын абдан абайлап басып, бийлик тарапка кылчактап турганы байкалат. Спикер Чыныбай Турсунбековду алып түшөм деп шымаланып, бирок эртеси ал кайратынан жазып, эл алдына бири-бирин далыдан тапташып чыкканда көпчүлүк баш чайкап калган. Элдин камына караганда өзүнүн кызыкчылыгын өйдөрөөк коёт окшобойбу дегендей маанай өсүп бараткандай. Саясаттагы кадамдары кандай болбосун Өмүрбек Бабанов кыргыз саясатынын күңгөй тескейин, эл чарбасынын аки-чукусун терең билген, андан да, ой жүгүртүүдө, иштегенде замандын акыркы талаптарын кыйын билген зиректиги менен өзгөчөлөнүп турат.

Калк Бакыт Төрөбаевди айтылуу энергетик Эргеш аксакалдын уулу, Бакиев кезиндеги “акжолчу” депутат, анан ӨКМ министри катары билип калды. 2010-жылдан кийин “Республика” партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп келип, лидерлик касиетинин артынан парламентте депутаттардын “Өнүгүү” деп аталган тобун түзүп, өз алдынча чыйыр салып кеткен. Саясий ишмердигин системдүү жана жемиштүү улантьш, Кыргызстандагы элет калкынын, аграрийлердин камын көргөн “Өнүгүү-Прогресс” партиясын түптөдү. Партия унутта калган айыл калкынын, дыйкан-фермерлердин, өндүрүшчү ишкерлердин кызыкчылыгын алдыга сүрөө аракети менен элдин оозуна алынып келатат. Аны менен катар эле, элдин эсинде Бакыт Төрөбаевдин Ошто Мелис Мырзакматов бийликтин кысымчылыгына каршы митингдерди уюштуруп, калың эл кылкылдап колдоп турганда аны менен кучакташып колдоп чыкканы, бирок кайра эле убакыт өтүп М.Мырзакматовго далысын салып кеткени да сакталып калды. Ошого карабай, бийликтин куугунтугу менен түрмөгө түшүп, өз чындыгын далилдей албай келаткан Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровду ушул Бакыт Төрөбаев гана ачык үн катып, акты-ак, караны-кара деп түз позициясын айта алды. Айрымдардын “ал жөн гана регионалдык деңгээлдеги саясатчы” деген аныктамасына карабай, республиканын төрт тарабында саясий салмагы күн санап артып баратат.

Булак: “Алиби”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *