Дагестандын мурдагы өкмөт башчысынын уулу казакстандык студентти өлтүрүү айыбы менен камалды

Москванын Басман райондук соту Дагестан өкмөтүнүн мурдагы башчысынын уулу Муртузали Межидовду эки айга камоо боюнча өкүм чыгарды: ал Москва эл аралык мамилелер институтунда (МГИМО) окуган казакстандык студент Томирис Байсафаны өлтүрүүгө айыпталууда.

Маркум кыздын апасы Жанна Ахметова дагестандыктын камалганы үчүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге, Орусия президентинин администрациясына жана Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкинге ыраазычылыгын билдирди.

МГИМОнун студенти, 21 жаштагы Томирис Байсафа 2018-жылы жогорку окуу жайдын имаратынын төртүнчү кабатынын терезесинен кулап, 3-май күнү ооруканада көз жумган. Бул факт боюнча “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Жогорку окуу жайдын жетекчилиги муну кокустук деп атаган. Бирок университетте окуган студенттердин бири маркумду кимдир бирөө терезеден түртүп жибергенин, анын алдында кыз сабалганын айткан.

Муртузали Меджидов маркум кыздын курсташы болгон, айрым маалыматтарга караганда, алар сүйлөшүп жүрүшкөн. Ал – Дагестан өкмөтүнүн мурдагы башчысы Мухтар Межидовдун уулу. Муртузали 29-июлда гана кармалды, ага чейин ага айып тагылган эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *