Дайыр Исмадияров, ырчы: “Канат Култаев «Көгүлтүр отко» акча алып катыштырбай койгону аз келгенсип, акчамды кайтарып берген жок”

Продюсер Канат Култаев тууралуу ырчы Дайыр Исмадияров “Инстаграм”  баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды.

Менин клибим “Музыка” каналына чыкпай калды. Көркөм кеңеш чыгарбай тургандай чечим чыгарыптыр. Аларга Канат Култаев эч нерсе деп айтпаптыр. Бирок, ал “Музыка” каналынын жетекчиси болгондон кийин бир ооз сөз айтышы керек болчу. Бул нерсени аягына ч ейин чыгайын деп чечтим. Ушунча каражат, эмгек кетирип жасаган жумушумду 5-6 адам эле жактырбай койсо… Жеке эле менин клиптеримдин жарабай калышынын чоң себеби бар. Айтпай жүрдүм эле, эми атайын. Канат Култаев экөөбүздүн пикирибиз келишпей, уруша кеткенбиз. КТРКнын «Көгүлтүр отуна» акчамды алып катыштырбай койгон. Ал аз келгенсип тыйынымды кайтарганга шашкан эмес. Жашоодо мындай нерселер боло берет. Ал Канат байке экөөбүздүн жеке мамилебиз болчу. Ал киши жеке мамилени жумушка сүйрөп, өчөшкөн ырчыларынын клиптерин өткөрбөй коёбу? КТРК Култаевдин жеке менчик каналына айланып кеткенби?  Эмнеге бардык талаптарга жооп берген клиптерибиз каналга чыкпай калууда? Жок, мен бул нерсеге нааразымын жана каршымын”,-деп жазган Д.Исмадияров.

Жогоруда аты аталган Канат Култаевге кайрылсак, учурда бош эместигин айтып, кечке маал жооп берээрин айтты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *