Даңазалуу Кожомкулдун байгесин уткан балбандар

13-14-июнь күндөрү Бишкек шаарындагы Кожомкул спорт ордосунда даңазалуу балбан жанакоомдук ишмер Каба уулу Кожомкулдун жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын эркин күрөш федерациясынын президенти, милициянын генерал-майору Мелис Турганбаев билдирди.

Быйыл 57-ирет өткөрүлгөн бул турнирде 7 өлкөнүн: Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Россия, Тажикстан, Түркия жана Өзбекстандан тандалган 179 балбан 10 комплект байгелер үчүн күч сынашты. Балбандардын мөрөй талашуулары курч мүнөздө өтүп, жыйынтыгында кыргызстандык жигиттер 6 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль утуп алышты.

Жеңил 57 кг салмакта Бишкек шаарындагы Ленин райондук «Изабек” спорт мектебинин өкүлү Алмаз Сманбеков финалда казак балбаны Акбар Курбановду утуп, баш байгенин ээси болду.

61 кг. салмакта уландар жана жаштар арасында Азия чемпиону, нарындык жигит Улукбек Жолдошбеков жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Кожомкулдун баш байгесин уткан Улукбек мелдеш курч мүнөздө өткөнүн, айрыкча казакстандык атаандаштарынын чеберчилиги жогору экенин, быйыл сентябрда Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өтө турган дүйнө чемпионатында өлкө намысын коргой турганын билдирди.

65 кг салмакта дагы жалал-абаддык Нургазы Абдуразаков чеберчилигин көрсөтүп, финалга чейин бардык атаандаштарын артыкчылык менен утуп, баш байге үчүн күч сынашууда дагы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, түркиялык белгилүү балбан Чингизхан Ердоганды жеңип, биринчи орунду камсыз кылып, алтын медаль тагынды.

Ал эми 70 жана 92 кг салмакта казакстандык балбандар Ильяс Жумай менен Эльхан Асадов Кожомкулдун байгесин утуп, олжолуу кайтышты. 74 кг салмакта кыргызстандык балбан, Бишкек шаарындагы Ленин райондук «Изабек” спорт мектебинин өкүлү Арсалан Будажапов финалда түркиялык Енес Услуну утуп, биринчи орунду камсыз кылды.

79 кг. салмакта финалда «Дордой” спорт клубунун өкүлү Саякбай Усупов менен казакстандык Эли Керимов күч сынашып, акыркы мүнөттө Саякбай намысты колдон чыгарбай, артыкчылык менен утуп, баш байгенин ээси болду.  Ошондой эле 86 кг салмактын финалында дагы Кыргызстандын тандалма командасынын мүчөсү Алигаджи Гамидгажиев менен Казакстандын тандалма командасынын мүчөсү Азамат Даулетбеков күч сынашып, мелдеш кыргызстандык балбандын жеңиши менен жыйынтыкталды.

Айрыкча 97 кг салмактагы балбандардын таймашуулары курч мүнөздө өтүп, финалга чейин түркиялык балбандар Риза Ялдирим менен Ибрахим Гифтши бардык атаандаштарын утуп, баш байге үчүн күч сынашууда Риза Ялдирим жеңишке жетти. Бул ирет Азия чемпиону, кыргызстандык Магомед Мусаев менен Арсланбек Турдубеков үчүнчү орундарды ээледи.

Оор 125 кг салмактагы финалда өзбекстандык Хасанбай Рахимов кыргызстандык Музафар Жаппуевди упайдын айырмасы менен жеңип, турнирдин баш байгесин алды.

Кыргыз Республикасынын эркин күрөш федерациясынын президенти, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, милициянын генерал-майору Мелис Турганбаев жыл өткөн сайын Кожомкул атындагы мелдештин деңгээли жогорулап, таасири артып баратканын, Россия, Түркия, Казакстан, Монголия баштаган өлкөлөрдөн балбандары келип, эл аралык кадыр- баркы өсүп, кыргызстандык жигиттердин чеберчилигинин жогорулашына өбөлгө болуп жатканын, мыкты балбандар быйыл Нур-Султан шаарында сентябрда өтө турган дүйнө чемпионатына катышуу менен 2020-жылы Токио олимпиадасына жолдомо алууга аракет кылышаарын билдирди:

– Кыргыз элинин атактуу балбаны Каба уулу Кожомкулду эскерүүгө арналган эркин күрөш боюнча турнир спортчулардын чеберчилигин арттырып, жаштар арасында эркин күрөштүн популярдуулугун өркүндөтүп, башка мамлекеттер менен болгон достук жана спорт байланыштарын арттырып келүүдө. Бул турнир Кыргыз Республикасынын курама командасын улам жаш спортчулар менен толуктап, Кожомкулдун атын түбөлүккө даңазалайт. Жаштарга шарт түзүп, камкордукка алынсак, бул турнирдин мааниси зор. Себеби Кожомкулдун байгесине арналган мелдештен чыгаан балбандар такшалуу мектебинен өтүшкөн. Быйылкы мелдешти уюштуруу деңгээли жогору болду. Себеби, бул
турнир Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммити менен удаа болгондуктан спорт дагы достуктун көпүрөсү экенин далилдей алды. Быйыл мелдештин дагы бир өзгөчөлүгү балбандарыбызды Нур-Султан шаарында сентябрда өтө турган дүйнө чемпионатына катышууга кимдер татыктуу экенин дагы сынап алдык. Себеби быйылкы дүйнө чемпионатында 2020-жылы Токио олимпиадасына жолдомолор ойнотулуп, олимпиадага жол ачылат ,- дейт Мелис Турганбаев.

Ошентип Кожомкулду эскерүү эл аралык мелдештин жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:

57 кг:
1.Алмаз Сманбеков (Кыргызстан);
2. Акбар Курбанов (Казакстан);
3. Мухамад Икромов (Тажикстан), Рахат Калжан (Казакстан).
61 кг:
1. Улукбек Жолдошбеков (Кыргызстан);
2. Нурислам Санаев (Казакстан);

3. Жахонгирмирза Туробов (Өзбекстан), Жандос Исмаилов (Казакстан).

65 кг:
1. Нургазы Абдуразаков (Кыргызстан);
2. Чингизхан Ердоган (Түркия);
3. Темуржон Усмонохунов (Өзбекстан), Тилек Шаршеев (Кыргызстан).

70 кг:
1.Ильяс Жумай (Казакстан);
2. Исламбек Оролбеков (Кыргызстан);
3. Руслан Садыбакасов (Кыргызстан), Мейржан Ашыров (Казакстан).

74 кг:
1. Арсалан Будажапов (Кыргызстан);
2. Енес Услу (Түркия);
3. Болат Сакаев (Казакстан), Мансур Сыргак уулу (Кыргызстан).

79 кг:
1.Саякбай Усупов (Кыргызстан);
2. Эли Керимов (Казакстан);
3. Мейир Кошкинбаев (Казакстан), Айдар Балданбаев (Казакстан).

86 кг:

1. Алигаджи Гамидгажиев (Кыргызстан)

2. Азамат Даулетбеков (Казакстан);

3. Саид Аббазов (Казакстан), Бахтияр Избасаров (Казакстан).

92 кг:

1. Эльхан Асадов (Казакстан);
2. Нургали Нургайпулы (Казакстан);

3. Абдиманап Байгенжеев (Казакстан), Сергии Ньургун (Россия).

97 кг:

1. Риза Ялдирим (Түркия);
2. Ибрахим Гифтши (Түркия);
3. Магомед Мусаев (Кыргызстан), Арсланбек Турдубеков (Кыргызстан).

125 кг:

1. Хасанбай Рахимов (Өзбекстан);
2. Музафар Жаппуев (Кыргызстан);
3. Рустам Искандари (Тажикстан), Юсуп Батырмурзаев (Казакстан).

Кожомкул атындагы эскерүү эл аралык турнири жыл сайын 1962-жылдан бери өткөрүлүп келатат.

1975-жылы союздук деңгээлде уюштурулган. Кийин 1992-жылдан эл аралык мааниде өткөрүлүп келе жатат. Эркин күрөш техникасы жагынан кыргыздын улуттук оюну күрөшкө жакын. Элибиз илгертеден балбандарды жогору баалап, сыйлап келген. Ошол балбандарыбыздын бири Кожомкул Каба уулу. Алгач аны эскерип 1962-жылы Фрунзе (Бишкек) шаарында эркин күрөш боюнча биринчи турнир өткөрүлүп, ага Орто Азия республикаларынан, Казакстандан жана Россия Федерациясынан күрөш чеберлери катышкан. Бул турнирдин өткөрүлүп турушу Республикадагы эркин күрөш боюнча спортчулар үчүн чоң мектеп болуп калды. Бул турнирге катышкан айрым спортчулар кийин СССРдин чемпиондору болушкан. Алар: А. Гансатаров, А. Айханов, А. Бугубаев, М.Турганбаев, К. Өмүралиев жана башкалар.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин бул турнирге катышып, белгилүү спорт чеберлери болгондордун катарында – Н. Дөңбаев, Р. Мажинов, М. Бобурбеков, А. Аскаров, Н. Изабеков, Б. Өмүракунов жана башкалар бар. Ошондой эле ушул мелдеште таанылып, кийин жаштар арасында дүйнөнүн жана Азиянын чемпиондору болгондор – У. Надырбек, И. Өзүмбеков, А. Төрөгелдиев, С. Таабалды, М. Будунов, Н. Турарбек, С. Толубаев жана башкаларды сыймык менен атоого болот.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *