Данияр Тербишалиев Бабановдун “оң колуна” айланууда

КСДП партиясынын арты менен саясый багы ачылган экс-депутат Данияр Тербишалиев өткөн жылкы парламенттик жарыштын алдында “Форумдагы” штабдан өзүнө карата тыңгылыктуу көңүл бурулбаган соң Бабановдун командасына карай баса берген. Ушул күндөрү Дакең Бишкек шаардык кеңеши менен жергиликтүү кеңештерге карата шайлоону утурлай “Республика – Ата Журт” партиясынын штаб башчылыгын жаңы дем менен аркалай баштады. Штабдын “кылт эткенинен” өйдө көзөмөлгө алганы менен Данияр Тербишалиев бул сапар Бишкек шаардык кеңешине өзү аттанбай, парламентке келчү мандат бактысын күтөөрүн айтышууда. 2010-жылдын апрель окуясынан соң КСДП партиясына Бишкектеги коомдук тартипти көзөмөлгө алып, “Патриот” аттуу ыктыярдуу элдик кошуунду түзүү (беш автобус толбогон балдарды топтой коюп) менен илингени бар. Бул сапар Бабановго кандай артыкчылыгы менен жакты болду экен?

Булак “Азия news” 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *