Дарыгерди сөгүп, ага кол көтөргөн келиндин үстүнөн арыз түштү. Аны ким жазды?

Бишкектеги № 3 шаардык балдар клиникалык ооруканасынын дарыгери аны жаман сөздөр менен сөгүп, ага кол көтөргөн келиндин үстүнөн арыз жазылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, сөгүнүп, кол көтөргөн келиндин үстүнөн милицияга арызды дарыгер өзү жазган. Учурда бул иш дыкаттык менен иликтенүүдө.

Эске сала кетсек, бүгүн бала көтөргөн келин дарыгердин жазып берген дарысына макул болбой, аны ашата сөгүп, ага кол көтөргөн видео социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынууда.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *