Дастан Бекешев өкмөттөн чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктарга жардам берүүнү талап кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өкмөттөн туруктуу каттамдарды калыбына келтирүүнү жана чет өлкөдөн мекендештерибизди кайтарып келүү боюнча суроолорго жооп берүүнү талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-июнда Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.

“Жарандар Кыргыз Республикасына тоскоолдуксуз кайтып келүүгө укуктуу. Бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 51-беренесинде жазылган. Республикалык штабдын чечимдери Конституциянын ченемдеринен жогору болуп калгандыгы кандайча болду?” – деп жазат депутат.

Анын айтымы боюнча, күн сайын, көптөгөн кесиптештери сыяктуу эле, ал Түркияга, Кипрге, Германияга, Россияга жана башка өлкөлөргө жумуш издеп же окууга кеткен мекендештерден кабар алат.

“Жердештерибиздин акчасы түгөнүп, айрымдары акчасыз калышып, достору же тааныштарынын үйүндө болууга аргасыз болуп жатышат. Ошол эле учурда учактар качан учуп баштайт деген суроого премьер-министр да, республикалык штаб да так жооп бербейт. Такталбагандыктан, жарандар калган акчаларын кантип бөлүштүрүүнү билбейт, кээ бирлери учпай калган учуу үчүн билеттерди сатып алышкан, эми ал билеттин акчасын ала алышпай жатат” – дейт депутат.

Ал Республикалык штабдан чогулуш өткөрүүнү жана жарандарга төмөнкү суроолорго так жооп берүүнү өтүндү.

– учактар Кыргызстанга такай качан учуп баштайт?

– Өкмөт акчасыз жана баш калкалаганга жери жок жарандарга жардам бере алабы же жокпу?

– Аткарылбаган рейске билет сатып алган жарандар эмне кылышы керек жана дипломатиялык мекемелер акчаны кайтарууга жардам береби?

“Кимдир бирөө чечкиндүү чечим кабыл алышы керек. Жарандар колдоосуз бир нече ай күтө алышпайт ” – деп жазган Дастан Бекешов.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *