Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Дастан Бекешев, ЖКнын депутаты: «Парламенттик шайлоодон кийин Сооронбай Жээнбеков отставкага кетсе жакшы болмок»
САЯСАТ

Дастан Бекешев, ЖКнын депутаты: “Парламенттик шайлоодон кийин Сооронбай Жээнбеков отставкага кетсе жакшы болмок”

“Чындыгында, президенттин кандай ой менен кызматтан кеткенин билбейм, бирок ал парламенттик шайлоодон кийин, жаңы өкмөт шайлангандан кийин кетсе жакшы болмок”, – деди бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев журналисттерге отставкага байланыштуу комментарий берип жатып.

«Бир жолу сөз бергенден кийин, албетте, кызматтан кетиши керек, бирок азыркы убакытта күтсө жакшы болмок. Бирок биз билбейбиз, балким, кысым болгон. Келечекте аныктайбыз – 5 жылдан кийин тынчыраак болуп калганда, аны өзү айтып берет, анткени айрым саясатчылар анын кызматтан кетүү тууралуу ою жок болчу деп жатышат», – деди Дастан Бекешев.

Эскерте кетсек, кечээ, 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков отставкага кетээрин жарыялады. Ал эми төрага Канат Исаев президенттин милдетин аткаруучу кызматынан баш тартты.

Аида Касымалиева: “3 күндөн бери “үйүңө келип өрттөп кетебиз, талкалайбыз, сени зордуктайбыз” деген коркутуулар болуп жатат. Садыр Жапаровдун тарапташтары, мен силерден коркпойм”

Жогорку сот 8 өлкө жарандарынын АКШга кирүүсүнө тыюу салды

Видео – Мирзиёев кайра курган Манас айылы