Депутат Дастан Бекешов ЖАМК төрага орун басары Айваз Кадыровго: “Абактарда “пахандар”, “смотрящийлер” бар экенин, силердин кызматкерлериңер алардан жалтанып турат экенин түшүнөм”

“Тергөө изоляторлорундагы адамдардын сабалышы тууралуу видеотасмалар тарап жатат, а ЖАМК жоопкерчиликтен качып баарын “фейк” деп жатат”, – деп билдирди бүгүн, 18-июнда депутат Дастан Бекешов Жогорку Кеңештин жыйынында.

“Абакта отургандардын ар дайым сабалып келген боюнча териштирүүлөр качан башталат? Абакта “пахандар”, “смотрящийлер” бар экенин, силердин кызматкерлериңер алардан жалтанып турат экенин түшүнөм. Бирок, мындай айбанчылык болбошу керек да. Т.а. Эмилбек Кимсановдун абакта сабалышы тууралуу видеотасма” – деди Дастан Бекешов ЖАМКнын төрагасы Айваз Кадыровго кайрылып.

“Бул факты боюнча териштирүү жүрүп жатат. Жыйынтыгы чыкканда, сизге өзүнчө маалымат бере алабыз. Ал боюнча бардыгы аныктала элек,” – деп жооп берди Айваз Кадыров.

Дастан Бекешов: А эмнеси аныктала элек? Сабалгандыгы тууралуу видеотасма жарыяланды.

Айваз Кадыров: Кимсанов өзү көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатат.

Дастан Бекешов: Коркконунан көрсөтмө бербей жатат да. Эгерде ал көрсөтмө берсе, аны кайра сабашат же өлтүрүп коюшат да.

Айваз Кадыров: Жабырлануучунун көрсөтмөсү жок болбойт, тиешелүү процесстер бар.

Дастан Бекешов: Медициналык экспертизачы? Иштейби?

Айваз Кадыров: Иштеп жатат.

Дастан Бекешов: Анан?

Айваз Кадыров: Иш-чаралар жүргүзүлүп жатат деп айтып жатам го.

Дастан Бекешов: Силер кызык экенсиңер. Ошондуктан, абактагылар сабалып жатат. Эч ким көрсөтмө бербейт. Анткени алар түндө өлтүрүп кетиши мүмкүн экенин билишет. Силер дагы муну жакшы билесиңер. Акыры силерде тартипти орнотуу керек.

Айваз Кадыров: Макул. Териштирип, маалымат беребиз.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *