Видео – Дастан Догоев: “Таажывирус боюнча түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 400 IT адисинин башын бириктирген ыкчам IT-штабы уюшулду”

Дүйнөдө түзүлгөн кырдаалдан улам маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин алкагында жеке сектордун катышуусу менен курамына ата мекендик жана жалпы дүйнө жүзү боюнча 400 IT адисинин башын бириктирген атайын ыкчам IT-штаб түзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы (МТБМК) Дастан Догоев өкмөттүк онлайн брифингде билдирди.

IT-штабдын эң негизги максаты – республикалык штабга тиешелүү багыттар боюнча колдоо жана жардам көрсөтүү болуп эсептелет.

“Бул багытта биз 2 жуманын ичинде бир нече санариптик ыкмаларды ишке киргиздик. Анын ичинде атайын интернет сайт – www.covid.gov.kg.  Ал жерде таажывируска байланыштуу маалыматтар жайгашкан. Аны менен бирге жарандарга маалымат алуу үчүн чат-боттор жана башка платформалар кирди. Ошондой эле жарандар өзүн-өзү диагностика жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген атайын сайт – hidoctor.kg ишке кирди. Азыркы убакта биздин жарандарыбыз аны активдүү колдонууда” – деп билдирди Дастан Догоев.

“Бишкек шаарынын комендатурасы менен биргеликте, Бишкек шаарында транспорт менен жүрүүгө электрондук уруксат кагаздарын берүү системасы ишке киргизилди – 1312.tunduk.kg. 10259 электрондук арыз түшкөн, анын ичинен 413үнө уруксат кагаздары берилген, ал эми 7901 арыздын ээлерине комендатура уруксат кагаздарын берүүнү баш тарткан. Учурда 1940 электрондук форматта түшкөн арыздар каралып жатат” – деп кошумчалады.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *