Дастан Сарыгулов президентке кайрылды

УКМКнын СИЗОсунда жаткан Дастан Сарыгулов “Азия news” гезити аркылуу президентке кайрылуу жолдоду. Ал кайрылуусунда ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарууну өтүнгөн.

“Мен, 70 жаштагы пенсионер, Кыргызстанда абакта отургандардын арасынан эң улуу аксакал катары сизге кайрылып жатам. Менин ден соолугум жакшы эмес. Бир канча айыкпас ооруларга чалдыккам. Үй камагына чыгып, дарыланбасам, абалым оор. Мен эч жака качып кете албасым белгилүү. Сиз бир аз убактыңызды бөлүп, менин ишиме акыйкат баа бересиз деген ишеничтемин”, – деп айтылат кайрылууда.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *