Дастан Шаршеев: “Атаандашымды ээк талаштыра кадасам, кулады, колум ооруксунуп калды…”

25-февраль күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордодо кикбокстун WВКFВ жааты боюнча дүйнө чемпиондугун аныктоо үчүн чоң мелдеш болуп өттү. Рингге биздин сыймыктуу уулубуз Дастан Шаршеев менен Россия мушкери Алексей Додонов чыкты. Эрөөл үч мүнөттөн 3 раунд болмок. Экинчи раунддун орто ченинде Дастан атаандашын нокаутка учура чапты. Рингге кулап түштү. Алексей араң турду. Андан ары мелдешти улантууга дарманы келбеди. Дастан дүйнө чемпиону кемер курун тагынып, «бул жеңишимди өлкөбүздүн 7 дубанында жашаган сүйүктүү элиме арнайм» деди.

– Дастан, азыр кандай сезимдер жүрөгүңдү аралап турат?

– Азыр сөз таба албай турам. Чын эле уттумбу, өңүмбү же түшүмбү дегендей. Анткени бул мелдешти аябай күткөм, акыркы күндөрү бассам-турсам оюма эч нерсе келбей туруп алган, «Мелдеш! Мелдеш! Дагы бир жолу мелдеш!» деп.

– Себебин эмнеде деп ойлойсуң?

– Бир эле себеби бар. Өткөн жылдын орто ченинде Россиянын Казань шаарында ушундай эле мелдеште сегиздик финалда| Антон Калинин аттуу россиялык мушкер менен беттешип, анын жыйынтыгын калыстар бурмалап, таптаза эмгегимди жеп, жеңишти орус атаандашыма ыйгарып коюшкан. Ыза болуп, рингден көпкө чейин түшпөй нааразычылык сөзүмдү ошону менен бирге мени сүрөгөн сүйүктүү күйөрмандарыма ыраазычылык сөзүмдү айткам. Анткен менен ичимдеги ызам жана кыргыз элимдин мага болгон ишеними түнкү уйкумду бузчу. Калининди реванш аркылуу утуп алгам. Бир аз да болсо өзүм жеңилдеп, күйөрмандарга ишеним артып дегендей. Ошондон улам бул мелдеште алдыма бир гана максатты койгом. Атаандашымды утуу деген. Ал максатыма жеткениме кубанып, сүйүнүп, элимди да сүйүнтүп отурам. Жана айтып кетпедимби, «бул мелдешимди өлкөбүздүн жети дубанындагы элиме арнайм» деп, дагы бир жолу жети дубан элим аман болсун, бул жеңишим сиздер үчүн дегим келет.

– Атаандашыңды буга чейин билчү белең?

-Жок билген эмесмин. Мелдешти уюштуруучулар жана федерация менен биргеликте аныкташып «рингге чыгасыңбы?» дешти, мен макул болдум. Катуу даярдандым. Профессионал спортто Алексейдин жараткан ийгиликгерин чагылдырган тасмаларын көрдүм. Бир сыйра талдадык.

– Чечүүчү соккуң кайсы болду?’

– Мелдештин биринчи раундунда эки жолу аракет кылып көрдүм. Ал сокку өтпөй койду. Биринде коргонуп, экинчисинде жакшы тийбей калды. Экинчи раундда да ошо ээк талаштыра алдынан өйдө жиберген соккума даярданып, мелжеп аттым. Анткени Алексейдин талуу жери экенин билип калдым, көрдүм да. Тыныгууга чыкканда машыктыруучум Тахир Марасуловдун айтканы бар эле. Бир мүнөттөй өткөн, колумдун эбине келип калды, ээк талаштыра кададым. Солго кулап түштү. Колум бир аз ооруксунгансыды. Катуу жана таамай тийди. Ичимде «оңбоду» дедим. Айткандай эле калчылдап, дендароо болгонсуп бутуна турду, теңселип кетти. Мелдештин калысы оюнду токтотуп, жеңишти мага ыйгарып, колумду көтөрдү.

– Атаандашың деле оңой эместей көрүндү…

– Эми дүйнө чемпиондугуна «мешокторду» апкелбейт да, уят нерсе. Атаандашымдын «лоу кик» деп коёбуз, бут менен балтырга, санга тепкен жагы күчтүү экен. 2-3 жолу «жеп» калдым. Анан коргонуу жагын унутпай аракет кылып аттым. Антпесе жанды коё турган эмес. Мен да ушу жагын көңүлгө алып коюшум керек окшойт…

– Алдыда кандай мелдештер бар?

– Кикбокс боюнча 2019-жылы бери дегенде дагы эки же үч мелдешке катышам деген оюм бар. Аларды алдын ала айтпай, сыр кармап турайын. «Ойду омкором, тоону томкором» дегенден алысмын бирок, болгон күч аракетимди жумшайм, мен даярмын!

Маектешкен: Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *