Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин төрагасы: “Мен Текебаевди сыйлайм, жаңы жагдайларга жараша иши кайра каралсын”

Төрага Дастан Жумабеков жайкы эс алууга кетип жаткандагы салттуу отчеттук маалымат жыйынын курду. Анда парламенттин жыл ичиндеги аткарган иши, кабыл алган мыйзам-токтомдору, өткөргөн маалымат жыйындары ж.б. туурасында айтып, анан журналисттердин суроолоруна жооп берди. Негизги суроолор өлкөдөгү саясый абал туурасында болду.

– Дастан Артисбекович, кесиптештериңиз Асилбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун Москвага барып, Өмүрбек Бабанов менен жолугуп келишкени тууралуу маалымат тарады. Мындан кабарыңыз барбы?

– Чынын айтайын, бул маалыматты мен да интернеттен окуп калдым. Кенен маалыматым жок, кабардар эмесмин. 27-июнда сессия жабылды. Депутаттар шайлоочулар менен жолугушууларга, айрымдары эмгек өргүүгө кетишти. «Москвага барып келди» деген депутаттар менен да сүйлөшө элекмин. Балким иш сапарга барганда жолугушуу болуп калгандыр. Ал боюнча бир нерсе айта албайм.

– VI чакырылыштын депутаттарына сын-пикирлер көп айтылып, алтургай «чимкирик»атка кондуңар. Буга эмнелер себеп болду деп ойлойсуз?

– Сын-пикир көп айтылса, демек, «VI чакырылыш жакшы иштеп жатыптыр» деп түшүнгүлө. Канчалык сын-пикир көп айтылса, ал жерде иш болуп жаткан болот. Мен ойлойм, парламент өз ишин так аткарып жатат. Башка эч кандай себептер болушу мүмкүн эмес.

– Депутаттардын санын азайтуу тууралуу пикирлер арбын айтылып келет. Азайтылышына кандай карайсыз?

– Депутаттардын санын азайтууну мыйзам гана чечет. Анда Башмыйзамга кайрадан өзгөртүү киргизүү керек да, аны референдумга алып чыгуу зарыл. Жалпы эл чечсин. Бирок, менин жеке оюмча, бүгүнкү күндө 120 депутат биздин мамлекетке туура келет. Айрымдар «35 депутат болсун», «75ке кыскартуу керек» деп келишет. 35 кылып алсак, анда мамлекетте 35 президент болуп алышы мүмкүн. Мындайча айтканда, монстр кылып алсак, анда дагы нааразылыктар көбөйөт. «35 депутат баарын чечип, мафия болуп алды» деген сөздөр айтылат. А дүйнөлүк практиканы алып карасак, бизге окшогон 6 миллиондук калкы бар өлкөлөрдө, парламенттик өлкөлөрдө депутаттарынын саны 120-150нүн ортосунда. 2010-жылы Конституция кабыл алынып жатканда да ушул жагдайлар эске алынып, анан кабыл алынган.

– Ушу тапта өлкөдө саясый кырдаал бычактын мизинде тургандай. Парламент чагылгандай тездик менен Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратып, эс алууга тарап кетти. Ал эми абал курчуп жатат. Кандайдыр бир окуялар болуп кетсе, парламент жоопкерчилик алабы?

– Биз мыйзамдуу мамлекетте жашайбыз. Кыргызстанда мыйзам бар, ал иштейт. Баарыбыз ошол мыйзам талаасында жашасак, эч ким эч кимге тоскоолдук, жамандык да кылбайт. Эгерде кимде-ким ошол мыйзамдан аша чаап, өзүм билемдик кылса, мыйзам алдында жооп берет. Саясый жагынан алганда, парламент өз ишин аткарды. Бир сааттабы, бир айдабы, регламентте көрсөтүлгөн ишин кылды. Эгер кырдаал башкача болсо, парламент сөзсүз жоопкерчилик алат. Биз андан качпайбыз. Коркпойбуз дагы. Анкени, биз баарын мыйзамдуу жасап коюп, эл менен жолугушууга кеттик. «Бөйрөктөн шыйрак чыгаруунун» кереги жок. Мыйзам алкагында митингге чык, сөзүндү айт, эч ким тоскоолдук кылбайт. А мыйзамдан аша чапкандарды мыйзам өзү ордуна коёт.

– Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу демилгесин көтөрүп чыккан депутаттардын аттары эмнеге аталбай жатат? Ага кимдер кол койгон, тизмесин көрүүгө болобу?

– Мен бул тизмеге кирген жокмун, кол койгон да жокмун. Бирок, Канат Исаев 12-июнда залдан сөз сүйлөп, кагазды мага бергенде, тизмеде 54 депутаттын колу турган. Бирок, кийин дагы бир нече депутат кошулуп, кол коюп беришти. Тизме сайтка илинсе керек эле. Кааласаңар беребиз. Анда жашыруун эч нерсе жок.

Дагы айтам, парламент Атамбаевге карата мыйзамдуу иштерди кылып берди. «Экс-президент» деген макамынан ажыраттык. Ал кырдаалдын кантип чыкканын баарыңыздар жакшы билесиздер. Азыр Атамбаев өзү Кой-Таштагы үйүнө жатып алып, билбейм эмне кылып атат, сеткаларды тосуп, окопторду казып атыптыр, «куралым бар, атышам» деп жатат. Элди чакырып, чогултуп жатса, мен эмне дейм? Мыйзамга каршы иштерди кылса, жооп берет. Кырдаал ушуну менен түздөлөт. Баарынан да Кудайдын кырдаалынан, табигый кырсыктардан сактасын.

– Өлкөнүн экономикалык абалына кандай баа бересиз?

– Саясатта кырдал улам өзгөрүп турат. Мен парламенттин да, өзүмдүн да атымдан айтам, биз парламентке келгенде «мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштейбиз» деп ант бергенбиз. «Бир адамдын кызыкчылыгы үчүн, же бир адамга иштейбиз» деген ант жок. Эч жерде жазылбаган андай нерсе. Ошон үчүн 2016-жылкы кырдаал, экономикалыкпы, саясыйбы, мамлекеттин көз карашына туура келген болсо, биз колдогонбуз. Азыркы кырдаал деле ошондой. Биз элди, мамлекетти тандашыбыз керек. Болгон айырма ушул эле. Биз мыйзам талаасынан чыгып кете турган иш жасаган жокпуз. Сөз берип, алдап кеткен жокпуз. Бүнкү кабыл алынып жаткан саясый чечимдердин баары эл үчүн, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн.

Ошентсе да, жылдагыдан быйыл өзгөрүү бар. Мисалы, экономика жагынан, 2019-жылдын январынан июлга чейинкини карасам, жалпы ички дүң продукциянын өсүшү жогорку темп менен кетип жатыптыр. 6-7 айлыктын жыйынтыгында, 5-6 пайызга чейин көтөрүлгөн. Былтыр 1 пайызга эптеп жеткенбиз. Элдин жашоо-турмушу жакшырганы инфляциядан да болушу мүмкүн. Сентябрдан баштап мугалимдердин, дарыгерлердин жана мамлекеттик башка да кызматкерлердин айлыгы 40 пайызга чейин көтөрүлөт.

– Сиздин оюңузча, парламентаризмди калыптандыра алдыкпы?

– «Жүз пайыз парламенттик Кыргызстан болдук» дегенден алысмын. 2010-жылы Конституция кабыл алганда, «парламенттик-президенттик өлкөбүз» деп жарыялаганбыз. Ошондой эле президентке да мүмкүнчүлүк берилген. Ал Башмыйзамга «эл тарабынан шайланат, эл башчысы» деп киргизилген. Мындан улам, азыркы иштеп жаткан Башмыйзамда баланс кармалган. Парламент да, президент да эл тарабынан шайланат. Качан гана парламент президентти шайласа, ошондо толук кандуу парламенттик өлкө болобуз. Дүйнөлүк практикада да ошондой.

– Спикер катары кандай иштедим деп ойлойсуз?

– Мен өзүмө-өзүм баа бере албайм. Мага эл, журналисттер, анан мени шайлаган депутаттар баа берет. Ушинтип аткарган иштеримди отчет берип турам. Ошонун негизинде менин ишиме баа берилет. Негизгиси, мен кемчиликти моюнга ала билем. Катачылык кетирсем, оңдогонго аракет кылам.

– Күздө парламент шашылыш тарап, президенттик шайлоо болуп кетиши ыктымалдыгы да барбы?

– Бул күздө эч кандай кезексиз шайлоо болбойт. Андай план да жок. Парламент өз мөөнөтүн аягына чейин иштейт.

-Текебаевдин иши 16-июлда каралганы жатат. Ал кишиге карата бир топ саясатчылар «саясый куугунтук» деген бааларын берип жатышат. Саясатчы катары сиздин оюңуз кандай?

– Өмүрбек Чиркешовичтин ишинде жаңы жагдайлар жаралганына байланыштуу анын адвокаттары сотко кайра кайрылышты. Коомчулук да, саясатчылар да, депутаттар да айтып жатышат, «Текебаевдин сотунда көп нерселер каралбай кетти, ошол убактагы сот, тергөөчүлөр берилген маалыматтарды эске албай, өздөрүнө туура келген маалыматтар менен буйруктун негизинде соттоп салды» деп. Демек, ошондой болгон болсо, албетте, Өмүрбек Чиркешовичтин иши кайра карылыш шарт. Мыйзам ага жол берет. «Жаңы жагдайларга байланыштуу иш кайра каралуусу керек» деп эсептейм. Ал эми Текебаевдин өзүн, саясаттагы ордун баарыбыз жакшы билебиз. Мен аны саясатчы катары сыйлайм.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *