Декретке чыккан эркектер көбөйүптүр

Ушу Жогорку Кеңеш сонун да эй! Укпаганды ушулардан угасың. Не болду дебейсиңерби? ЖК Башкы про­курор И.Жолдубаеванын отчетун угуп жатканда депутат И.Масалиев күтүүсүздөн “Башкы прокуратурада канча эркек декреттик отпускага чыгып бала багып жатат?” деп сурап калды. Уккан кулагыбызга ишенбей тьңшай калсак, Башкы проку­рор андай фактылар бар экенин танган жок, бирок так санын айталбасын билдирди. Көрсө, мыйзамда буга уруксат экен. И.Масалиев КР Салык кызматын башкарып турганында эркектин көбү “декретке” чыгып кеткенин эске салып, ошондой бол­гон жокпу деп Жолдубаевадан сурап турган кербези тура.

Булак: “Жаңы агым”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *