Депутат Адыл Жунус уулу: “Белгилүү залкар манасчы Жусуп Мамайдын атын түбөлүккө калтыруу боюнча чаралар көрүлүшү керек”

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Адыл Жунус уулу залкар манасчы Жусуп Мамайдын атын түбөлүккө калтыруу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Депутат А.Жунус уулу манасчы Жусуп Мамайдын Манас баатырдын жети урпагына чейин айтканы, жазмалыгы – айткандарын кагазга түшүргөндүгү менен менен өзгөчөлөнөрүн баса белгиледи. Ошону менен катар 2018-жылы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы белгилене тургандыгын айтып, анын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында борбор калаанын бир көчөсүнө анын аты берүү керектигин сунуш кылды. “Жер маселеси чечиле турган болсо, Жусуп Мамайдын айкелин тургузууга кол кабыш кылам”,- дейт депутат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *