Депутат Айнуру Алтыбаева экономикалык жана салык кылмыштары эмне себептен ИИМ тарабынан иликтене турганына кызыкты

“Эмне үчүн экономикалык жана салык кылмыштары милиция тарабынан жасалат? Ушундай дагы фактылар бар экен. Бизде атайын орган бар го?” – деп сурады депутат Айнуру Алтыбаева башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон ЖКнын жыйынында.

“КР Жазык-процесстик кодексинде прокурордун ыйгарым укуктары бар. Эгерде кандайдыр бир жагдай болсо, прокурор тергөөнүн караштуулгуна карабастан, ишти бир органдан экинчисине өткөрүп бергенге укуктуу” – деп жооп берди башкы прокурор.

“Атайын орган бар болгондон кийин экономикалык жана салык кылмыштары атайын органга берилиши керек деп ойлойм” – деди Айнура Алтыбаева.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттын пикирине кошулуп, бирок баары бир ырааттуулук сакталышы керектигин белгиледи.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *