Депутат Алиярбек Абжалиевдин депутат уулу автокырсыкка учурап, 4 адамдын өмүрү кыйылды

7-июль күнү таңкы саат 04:30 чамасында Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында КР Жогорку Кеңешинин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков өзүнүн “BMW X7” үлгүсүндөгү жол тандабасы менен келатып автокырсыкка учураган.

Ал бурулуп жаткан “Lexus ES 300” үлгүсүндөгү жеңил унаа менен кагышып, натыйжада 24 жаштагы 4 жаш адамдын өмүрү кыйылган.

“BMW X7” үлгүсүндөгү жол тандабастын айдоочусу да, жанындагы жүргүнчүсү да аман калышкан. Милициянын билдирүүсүнө караганда жол тандабас 1994-жылы туулган Темирлан Токобековдуку болгону менен кырсык болгон учурда унааны анын досу, Чүй облусунун Арашан айылынын 1996-жылы туулган тургуну Х.Э. айдап бараткан.

Бирок, каза болгондордун туугандары унааны депутат Темирлан Токобеков өзү айдап бараткан болчу деп чуу көтөрүшүүдө.

Булак: Kyrgyztoday.kg

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *