Депутат Алтынбек Сулайманов 11 жашындагы 1-велосипедин чоң атасы кайсы эрдиги үчүн сатып бергенин эскерди

Чоң атам Сулайман айылда мугалим болуп, почтальон болуп иштеген, кадыр-барктуу киши эле. Кичине болгонубузга карабай ар жакка жумшап ишке бышырат, тентектик кылсам да ачуусун ичине жутуп тим болот. Анан такыр эсимден чыкпай калганы – кучактап алып бышактап ыйлаганы. Абдан белими кысып өзүнө тартып өксүп алчу. Мындай дегеним – ошол жылдарда атам Турдубай Өзгөн районунан ревизиядан келе жатып, белгисиз жагдайда автокырсыкка кабылып, каза болуп, апам да жаш, биз болсо жөжөлөрдөй чурулдап атасыз калган кез эле.

Ошондо чоң атам белди бекем бууп, бизди тарбиялоо милдетин алган экен эми ойлосом.

Ал киши тууралуу бир окуя такыр эсимден кетпей калыптыр жана азыркы балдарга тарбия болсун деп ошол окуяны кыскача баяндап берейин деп чечтим.

1983-жылы, мен анда он бир жашта элем, чамасы, төртүнчү классты бүтүп, каникулда элек. Элдин көбү колхоздун ишинен бошобойт, субай малдарды тоого чыгарып, ар кимге көз салып койгула деп кудайга аманат тапшырып келе берет, же бирөөлөргө кошуп ийет. Биздики кандай болгонун азыр эстей албайм, иши кылып эки жашар букабыз жоголуп атканын чоң атама айтышат. Ал киши жетимиштин бештерине барып калган, тоого чыга албайт, ар кимге карай келгиле дегенден майнап чыкпайт: бири тааныбайт, бирөө көргөндөй болдум дейт. Анан калса бул жашта эркек мал эки айда жайлоодо кыйла өзгөрүп кетет эмеспи. Айтор, ылаажы жок. Ичинен миң толгонсо керек, айла куруганбы, “Сен барып издеп кел” деди бир күнү мага. Апам кандай болду билбейм, а мен шерденип алдым, себеби чоң атам “ошол малды сатып сага велосипед алып берем” деп ийди. Таң ата электе, жер али жарый электе жөнөдүм. Жалгыз жөнөдүм. Апам жарты нанын белиме түйүп берди. Жип алып алдым. Тообуз абдан бийик, ал жакка машина да каттабайт, а түгүл машина жол да жок. Анда элде ат да жок, колхоз аттын баарын жок кылган. Түштө араң жетесиң, ар бир карагандан арасын карап чыгасың, уйлар каталактап көлөкөлөп кирип кетет. Биринчи күнү таппай кайттым. Экинчи жолу да таппадым. Эгер үчүнчү жолу таппасам – анда түңүлсөк болот, же Шаңколдун төрүнө, же Кошчан жакка кетип калган болот, анан калса, ошол жылдары биздин жайлоолорго Араван районунун малчылары чыкчу, алардын малына кошулса, булар жакында жакага айдап түшсө, Араванга кетип калмак.

Кудай жалгап, үчүнчү күнү таптым, Сары-Таштын да ары Чалка деген ашуу бар. Ойноок мал ошол жакка кетип калыптыр. Тапкан менен же карматпайт, же мени тааныбайт. Көпкө убараланып атып эптеп байладым, жетелесем – баспайт, артынан айдасам – кайра артка качат. Не бир азаптарды көрүп, жатаар ооп калганда ээрчишип үйгө келдик. Апам да, чоң атам да эси чыгып турган экен, баягындай сыга кучактап көз жашы кылып, көкүлүмдөн жыттап койду.

Базар күнү Ноокатка алып жөнөдүк. Мал базарда чоң атам өзү соодалашты, эттин жайын жакшы билген киши эле, кардар менен келишти окшойт, далдалчынын “бар берекесинен” соң пулду алып, курсакты кампайттык да велосипед саткан дүкөнгө келдик. Жайнаган велосипеддер. “Ал, шайтан арабаңдын жакканын ал” деди чоң атам. А мен болсо чоңуна качырам. Акыры “Урал – 28” дегенге токтодум. Чоң атам эсептешип бүткөнчө дөңгөлөктөрүн желдеп да ийдим. “Муну автобуска салабыз” деди чоң атам. “Тээп эле кетем” дедим болбой. Менин көктүгүм чоң атама жактыбы, жакпадыбы – айтор, экөөбүз эки жакка бөлүндүк, ал автовокзалга кетти, мен айылга жөнөдүм. Райондун борбору Ноокат менен андагы биздин “Ленинизм” колхозунун “Съезд” участкасынын ортосу он беш чакырымдай келет, бир эле жери Катта-Көтөрмөдөн чыккандан Куу-Майданга чейинки жери гана ылдыйыш, калганы бүт өрлөп кетесиң. Кечке калбай кубанычым койнума батпай шыңгырактарын улам шыңгыратып айылга жете келдим…

Ушул окуядан улам айтайын дегеним: чоң атам мага велосипедди ансыз дале алып бермек, согуштун катышуучусу катары пенсия алат эле, бирок мага чоң тарбия бериптир – өз күчү менен, өз колу менен акча тапсын, акча кайдан келерин түшүнсүн дептир, мени жатып албай кыймылда болуп эмгектенүүгө үйрөтүптүр.

Азыр эми балалыктагы ошол окуяны эстеп чоң атама ыраазы болуп калам…

Алтынбек Сулайманов, ЖК депутаты

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *