Депутат аты болбосо, дегеле аны ким тааныйт?

Биздин айрым депутаттарды көрүп олтуруп балыктар да сүйлөп ийгиси келет, чиркиндики. Тимеле даават угуп аткансып же биринчи класстын мадыра баш баласынан бетер башкаларды кунт коё угуп эле олтура берген депутаттарыбыз арбып баратат. Эсеби маселен, Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын депу­таты Болот Ибраимжанов деген депутат бар. Балык эй, кадимки эле тымпыйган балык. Бир жолу да олуттуу маселе көтөргөнүн көрө элекпиз. Эл өкүлү болуп эмне максат менен олтурганы белгисиз. Мына ушундай саны бар сапат дегенден түшүнүгү «нөлдөрдүн» айынан мыйзамдарыбыз чала, чийки болуп атпайбы. Ибраимжановду эл тургай Жогорку Кеңештеги депутаттардын айрымдарынан сурашса, «аа, ошондой бирөө бар окшойт да»-дешет экен. Бул эмнени айтат? Бул деген Болот Ибраимжанов де­ген бирөө мамлекеттин маанилүү, күрөө тамыры болгон бутагында ит бекер олтурганын айтат. Болбосо элге керек, мамлекетке зарыл маселелерди көтөрүп, мыйзамдарды иштеп чыкпайбы. Колунан келбейби, анда эл жүгүн жүдөп-какабастан, тыкылдап көтөрүп кете ала тургандарга бербейби?

Булак: Де-Факто 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *