Депутат “бериш керек” десе, фонд “жок” деди

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Чыныбай Турсунбеков быйыл мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы экенин айтып, аны өкмөт Айтматовдун мааракесин өткөргөндөй жогорку деңгээлде белгилеши керектигин, ошондой эле Усубалиевдин ысымы Бишкектеги Киев көчөсүнө берилсе туура болмок деген сунушун айтып чыкты. Депутаттын андай билдирүүсүнөн көп өтпөй Турдакун Усубалиев атындагы коомдук фонд Бишкек шаарындагы Киев көчөсүнүн атын Усубалиев көчөсү болуп өзгөрүлүшүнө каршы пикирин айтып чыгышты. Антип айткандарын «Эгер Турдакун Усубалиев аксакал тирүү болгондо да мындай сунушка каршы болмок» деген ойлорун айтып жана ал улуу инсан тарыхий аталыштардын өзгөрүүсүнө ар убак өзү да каршы болуп келгенин, ал эми Киев көчөсү туурасында баш калаабыздын мурдагы аталышы болгон Фрунзе шаарынын тушунда аталган көчөнүн өзүнчө узун, өзгөчө тарыхы бар экени менен түшүндүрүштү. Эгерде эле бул маселе чындап көтөрүлө турган болсо анда аны Бишкек шаарынын жана жалпы эле мамлекетибиздин атуулдарынын ой-пикирлери эске алынышы керек деген маанайдайгы түшүндүрмөсүн беришти.

Булак: «Айгай-пресс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *