Депутат Элвира Сурабалдиева: “Кыргызстан ЕАЭБдин курамына бирдей укукта кирбей, биз жетим балдардай эле кириппиз”

Ушинтип ЖК депутаты Элвира Сурабалдиева 2019-жылдын 29-октябрында Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет жыйынында айтып чыкты.

“Эч ким бизнести даярдаган жок, ЕАЭБге кирүүдө тийиштүү иштер жүргүзүлбөгөн. Биз жөн эле жорголоп эле кирип кетиппиз, эч нерсе уткан жокпуз. Бүгүнкү күндө тең укуктуу өнөктөш дагы эмеспиз. Жетим балдардай эле кириппиз. Бизнес ЕАЭБге киргенден пайда көргөн жок”, – деди депутат айым.

Депутат айым мурунку жыйындарда айыл-чарба министри Эркинбек Чодуев: “Бир тонна дагы айыл-чарба продукциялары кайтарылган жок” деп калп сүйлөгөнүн келтирди.

“Бизде каратып туруп эле элди статмаалыматтар менен алдамай өнөкөткө айланды, жогорку кызматтагылардын жалган сүйлөгөнү коркунучтуу. Эмнеге калп айтып жаткандарын түшүнбөйм, балким ээлеген кызматынан кол жууп каламбы деп коркушабы?”, – деди Э.Сурабалдиева.

Депутат айымдын айтымында, ЕАЭБге кирүүдө Казакстан Кыргызстанга караганда 5 эсе жеңилдиктерге жетишкен.

Ушулар сөз болгондо, комитет 2020-жылга карата республикалык бүджетин жана 2021-2022-жылдарга божомолду карап жатышкан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *