Депутат Исхак Пирматов: “Кербен шаарын суу менен камсыз кылуу үчүн 6,5 млн еврону асмандан алдыңарбы?”

3-декабрда ЖКнын эл аралык иштер жана коргонуу боюнча комитети “2019-жылдын 13-сентябрында Бишкекте кол коюлган “Кербен шаарын суу менен камсыздоо жана канализация системасын калыбына келтирүү” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европалык реконструкция жана өнүгүү банкынын Кредиттик келишимин ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карады.

Бул мыйзам долборунун алкагында Кыргызстанга Кербен шаарын суу менен камсыз кылуу үчүн 6,5 млн евро грант бөлүнөт. Бул тууралуу суу ресурстары мамагенттиктин директору Көкүмбек Таштаналиев маалымдады.

Талкуу учурунда комитеттин төрагасы Исхак Пирматов (“Бир бол”) 6,5 млн евро эмнеге жумшаларын, каражаттар конкреттүү эмнеге кетерин, кандай жабдыктар алынарын сурады.

“Грант болсо эле аны так карабай коюшубуз керекпи? Кредиттерге кандай мамиле болсо, гранттарга да ошондой мамиле зарыл. Гранттык каражаттар эмнеге кетерин так билгим келет. Толук маалымат бериңиздер”, – деди депутат.

Кербен шаарынын мэри Нарматалы Эсеналиев бул азырынча келишим гана экенин, так сандар колдоого алынгандан кийин жазыларын билдирди.

Ошондо Пирматов 6,5 млн евро кайдан чыкканын сурады. “Мындай сандарды кайдан алдыңар, асмандап алып жатасыңарбы?” – деп нааразы болду. Андан кийин кайра: “Сиз мэрсиз, буга тикелей тиешеңиз жок, долбоорду ишке ашырчулар жооп берсин да”, – деди комитет төрагасы.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *