Депутат Исхак Пирматовго карата козголгон кылмыш иши жанданды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети парламенттин депутаты Исхак Пирматовго каршы козголгон кылмыш ишин жандантты. Бул тууралуу 24.kg басылмасы өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, тергөө иштери 2020-жылдын октябрь айында кайрадан башталган.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарынын бирине кылмыш иши козголгонун жарыялаган. Анын айтымында, депутат сегиз жыл мурун кылмыш жасагандыгы үчүн мамлекетке ири суммадагы акчаны төлөп баштаган. Бирок комитет төрагасы депутаттын атын атоодон баш тарткан.

Депутат Исхак Пирматов “Кыргызнефтегаз” ишканасын жетектеп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып мамлекетке 258 миллион сом зыян келтирген деп айыпталган.

2009-жылдын жана 2010-жылдын биринчи кварталында “Кыргызнефтегаз” ААКнын жетекчилиги “Кыргызмунай” ЖЧКнын кызматкерлери менен макулдашып, аффилирленген юридикалык жана жеке жактар ​​менен продукцияны жеткирүү боюнча атайылап пайдасыз келишимдерди түзүп, “Кыргызмунай” мунай заттарын арзандатылган баада саткан. 100 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталган. 2014-жылы кылмыш иши токтотулган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *