Депутат Канат Исаев казак эл өкүлдөрүн көк бөрү ойноого чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев казак эл өкүлдөрүн  көк бөрү ойноого чакырды. Ал бул тууралуу 23-февралда «Ак-Кула» ат майданында өткөн көк бөрү оюнунда билдирди.

Анын айтымында, казак депутаттары менен ат майданда күч сынашып,  тай казан талашын чечип алуу керек.

«Тай казан керекпи-жокпу деген суроолор болуп жатат. Улак тартышып, ошону дагы ат үстүндө чечели», — дейт эл өкүлү.

Эскерте кетсек, 23-февралда Жогорку Кеңеш, өкмөт, журналисттер жана Спорт, дене-тарбия агенттигинин ортосунда улак тартыш болуп өттү. Оюндын жыйынтыгында Жогорку Кеңештин командасы жеңишке жеткен.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *