Депутат Кожобек Рыспаев менен “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчисинин ортосунда айлык маянанын айынан кайым айтышуу пайда болду

«Кыргызалтын» ишканасынын жетекчисинин айлык маянасы тууралуу маселе ишкананын жетекчиси Алмаз Алимбеков менен парламенттин отун-энергетикалык комплекси жана жер байлыктарын колдонуу комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаевдин ортосундагы кайым айтышууга алып келди.

Эл өкүлү ишкананын жетекчилик курамынын айлык маянасы тууралуу үч жолу айтты.

«Сизге мындай маалыматты ким берип жаткандыгын мен билем. Бул коммерциялык, корпоративдик маселе. Айлык маяна бул жерде талкууланбашы керек,»-деп жооп берди Алмаз Алимбеков.

«Бул сиздин жеке дүкөнүңүз эмес. Мени менен талашпаңыз! Биз мамлекеттик үлүш барбы деп сураганга укугубуз бар. Сиз ар кандай алтын кендеринде отуруп алып акча алып жатасыз»,-деп билдирди эл өкүлү.

Буга чейин депутат Кожобек Рыспаев «Кыргызалтындын» жетекчилиги $16 миңге чейин жогорулатылган айлык акы алат деп билдирген. Алмаз Алимбеков Кыргызстандын Centerra Gold жетекчилер кеңешиндеги өкүлдөрүнүн айлык маянасы $10 миңге жетпейт деп билдирген. Ал жеке өзү өлкөнүн «Күмтөрдөгү» үлүшүнөн $4 миң аларын билдирген.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *