Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Депутат Махабат Мавлянова башкаруу системасын өзгөртүү керектигин билдирди
Саясат

Депутат Махабат Мавлянова башкаруу системасын өзгөртүү керектигин билдирди

“Биз президенттик башарууну, президенттик-парламенттик башкарууну көрдүк. Бирок, каалаган максатыбызга жеткен жокпуз” – деп билдирди бүгүн, 16-октябрда депутат Махабат Мавлянова ЖКнын кезексиз жыйынында.

“Биз учурдагы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, парламенттик же президенттик башкарууга өтүшүбүз керек. Эгерде, биз парламенттик башкарууну тандасак, анда премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтүшүбүз керек. Аны ЖКнын депутаттары шайлайт. Эгерде тескери көрүнүш болсо, ошол эле депутаттар премьерди кызматтан алат. Мен шайлоо босогосун 3%га чейин төмөндөтүүгө каршы эмесмин, негизгиси биз башкача системаны тандап алышыбыз керек. Бирок кыргызстандыктар бөлүнгөндү жакшы көрүп жатабыз. Партиялар да бөлүнүп, шайлоого 16 партия катышты. Партиялар бөлүшпөй, биригиши керек” – деди Мавлянова.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт