Депутат Махабат Мавлянова: «Мектептерден тышкары, адеп сабагын жогорку жана кесиптик окуу жайларына да киргизүү жагын ойлонуу керек»

“Ушу тапта Кыргызстан кылмыштуулук деӊгээли боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында алдыӊкы үчилтикке кирди. Ошондуктан, баарыдан мурда жаш муундарга туура таалим-тарбыя берүү ишин колго алышыбыз керек. Жалпы коомчулуктун биргелешкен аракети зарыл. Ансыз өлкөдөгү кылмыштуулукту азайта албайбыз” – деп билдирди депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеӊеш жыйынында. Бул туурасында КР ЖК басма сөз кызматы кабарлады.

«Азыр мектептерде адеп сабагы аптасына бир жолу өткөрүлөт. Ал 8-класска чейин эле окутулат экен. Адеп сабагын аптасына эки жолу 11-класска чейин окутуу, сабактын сапатын жогорулатуу чараларын көрүү зарыл. Ошондой эле, мектептерден тышкары, адеп сабагын жогорку жана кесиптик окуу жайларына да киргизүү жагын да ойлонуп көрүшүбүз керек», – деп кошумчалады эл өкүлү.

1 ой-пикир

  • Ала-Тоо says:

    Урматтуу жепутаттар, биринчи кезекте өзүңөрдөн баштабайсыңарбы.

    Адеп, ыйман маселелери боюнча сиздер элге үлгү болсоңор болмок. Жок дегенде Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүңөрдү теле, радиодон угуп койсоңор жакшы болмок. Уят. Бирөөнү окутканды коюп өзүңөрдү түздөп алсаңар жакшы болмок. Коомдогу болуп жаткан көрүнүштөр, силердин отражениенер.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *