Депутат Марат Аманкулов “Биримдик” партиясынын жетекчилигине келди: катарында кимдер бар?

КСДП фракциясынан ЖК депутаты Марат Аманкулов “”Биримдик” партиясынын башына келгенин тастыктап, 2020-жылдын октябрында болчу парламенттик шайлоо алдында партиянын төрагасы болуп калышы ажеп эмес экендигин айтты. Бул тууралуу 21-январда депутат журналисттерге билдирди.

“Партияны башкарып бербейсизби?” деген сунуш түштү, мен макул болдум. Карганбек Самаков  мурда канчалык деңгээлде бул партиянын мүчөсү болгонун билбейт экем. Албетте, шайлоого катышуу оюбузда бар, муну биз талкуулап жатабыз. Партиянын катарын кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бирок шайлоо тизмеси жөнүндө сөз боло элек”, – деди Аманкулов.

Маалыматты КРнын Юстиция министрлигинин сайтына жарыяланган маалымат да тастыктайт, анда М.А.Аманкулов “Биримдик” (№Единство”) демократиялык партиясынын жетекчиси катары көрсөтүлгөн.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча партияны катарына төмөнкү саясатчылар кирүүгө дилгир экен: Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Курманкул Зулушев, Улан Примов, Азамат Арапбаев, Тазабек Икрамов, Аида Касымалиева, Исхак Пирматов, Айнуру Алтыбаева, Бакыт Төрөбаев, Жеңиш Молдокматов, Тынчтыкбек Шайназаров, Мирлан Бакиров ж.б.

Бирок депутат Аида Касымалиева бул маалыматты четкке какты, ал эми Айнуру Алтыбаева “Биримдик” партиясынын мүчөсү экенин жашырбады.

Негизи эле соңку кездерде дал ушул “Биримдик “ саясый партиясы бийликтин партиясы болоору жөнүндө айың кептер тарап келген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *