Депутат Нурбек Алимбеков Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды

Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеӊеш жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасын шайлоо маселеси каралды. Аталган комитет төрагалыгына “Кыргызстан” парламенттик фракциясы тарабынан депутат Нурбек Каарыевич Алимбеков сунушталган.
Жыйынтыгында Нурбек Каарыевич Алимбеков Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагалыгына 95 добуш менен шайланып, Жогорку Кеӊештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Н.Алимбековду комитет төрагалыгына шайланышы менен куттуктап, анын мындан аркы ишине ийгиликтерди каалады.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *