Депутат Сагындык Келдибаев: “Биз эмне журналисттер иликтегенден кийин гана кыймылдайбызбы?”

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин ар кандай маселелер боюнча жыйынында «Республика-Ата Журт» партиясынын депутаты Сагындык Келдибаев мыйзамсыз курулуштар боюнча маселени көтөрдү.

“Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, 2009-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында 400дөн ашуун мыйзамсыз имараттар курулган. Муну жакында журналисттер иликтеп чыкты. Биз эмне  журналисттер иликтегенден кийин гана кыймылдайбызбы?” – деди Келдибаев.

Булак: Кyrgyztoday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *