Депутат Самат Исманов болочок президентти коңшу Казакстан менен кызматташууну жакшыртууга чакырды

Бүгүн, 13-январда ЖКнын жыйынында депутат Самат Исманов (“Республика – Ата Журт”) болочок президентти коңшу Казакстан менен кызматташууну жакшыртууга чакырды.

Ал “2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда Казакстандын мамлекеттик органдарынын жана укук коргоо органдарынын кыргызстандыктарга карата мамилесин белгиледи.

“Эгерде кызматташуу болсо, анда кагаз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө кызматташуу керек. Мындан тышкары, казак тарап продукцияны башка базарларга өз убагында жеткире албаган жүк ташуучуларга жасалма жол менен тоскоолдуктарды жаратууда”, – деди ал.

Исманов жаңы шайланган президент коңшу өлкө менен кызматташууну башка деңгээлге алып чыгып, болуп жаткан көйгөйлөрдү чечиши керек деп эсептейт.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *