Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Депутат Талант Мамытов Садыр Жапаровдун тарапташтарынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын мамлекеттик резиденциянын жанынан күтүүнү суранды
Саясат

Депутат Талант Мамытов Садыр Жапаровдун тарапташтарынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын мамлекеттик резиденциянын жанынан күтүүнү суранды

Бүгүн, 15-октябрда депутат Талант Мамытов “Ысык-Көл” мейманканасынын алдына чогулган Садыр Жапаровдун тарапташтарынан “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын жанында сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын күтүүнү суранды.

Анын айтымы боюнча, Садыр Жапаров бүгүн эрте менен бир аз сыркоолоп калган, бирок сүйлөшүүгө чакырылгандыгына байланыштуу, ал мамлекеттик резиденцияга кеткен.

Ал учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгилеп, чогулгандардан коомдук тартипти бузбоону суранды.

Ал Жапаров мыйзамдуу жол менен жүргөнүн эске салды: соттолгондугу жана парламент аркылуу бекитүү маселеси боюнча. «Үчүнчүдөн, элдин талабы бар. Ушуну эске алып, бардыгы мыйзам чегинде чечилиши керек жана биз ошого ишенебиз », – деди депутат.

Талант Мамытов Садыр Жапаров сүйлөшүүлөрдү аягына чыгарууга ниеттенип жаткандыгын билдирди.

“Ал ага убакыт берүүнү суранат. Күтүп туралы. Ал жакка баруунун кажети жок”, – деди депутат чогулгандарга кайрылып.

Белгилей кетсек, кечээ премьер-министр Садыр Жапаров Өкмөт үйүнүн алдында турган өзүнүн тарапкерлеринин алдына чыгып сөз сүйлөп, президентти отставкага кетирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, элден бир аз убакыт күтө туруусун суранган.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Сооронбай Жээнбеков өлкө укуктук талаага кайтып келгенден кийин, парламенттик шайлоодон кийин кызматтан кете турганын билдирген.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт