Депутат Тазабек Икрамов Өкмөт башчыга кайрылуу жасады. Эмне үчүн?

Бүгүн, 10-январь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасады. Эл өкүлү премьер-министрге кыргыз-казак чек арасындагы акыркы окуяларга байланыштуу кайрылган.

“Урматтуу премьер-министр Мухаммедкалый Дүйшекеевич! Кыргыз-казак чек арасындагы акыркы окуялар жана ал жердеги Кыргызстандан Казакстанга өтчү оор жүк ташыган унаалардын саны беш жүзгө чукулдаганы биздин жарандарды, анын ичинен ишкерлерибизди убайымга салып жатат. Буга чейин да ушундай окуя катталып, биздин ишкерлер болжолдуу 30 миллион доллар чыгаша тарткан. Мындай шартта сиз өлкөнүн өкмөт башчысы катары тез арада чара көрүп, ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ЕАЭБдин алкагында шарттарды так сактабай жаткан мамлекеттердин маселесин күн тартибине коюу милдетиниз бар. Бүгүнкү күндө Кыргызстан ЕАЭБдин толук шарттарын аткарып, өз милдеттерине жараша иш алып барып жатат. Ал эми башка өнөктөштөр тарабынан бул милдеттер так сакталбай жатканы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маселени туура багытта кое албай жатканы катары сыпаттайбыз. Сиз, Өкмөт башчы катары тез арада чечим кабыл алып, Кыргыз-азак чек арасындагы жаралган көйгөйдү жөнгө салат деп ишенем” – деп Фейсбук баракчасына жазган эл өкүлү.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *