Депутат Жанар Акаев ИИМге суракка чакырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына суракка чакырылды. Интернетте таркап жаткан чакыруу кагазында ал күбө катары чакырылган деп жазылган.

Ага ылайык, ал эртең, 19-ноябрда тергөө кызматына барышы керек.

Бул тууралуу маалыматты Жанар Акаев журналисттерге тастыктады.

“Мен бүгүн чакыруу кагазын алдым, аны жардамчымдан берип жиберишиптир. Азырынча эмне себептен суракка чакырып жатышканы белгисиз, менин оюмча бул 5-6-октябрь күндөрү Бишкектеги окуяларга байланыштуу болушу мүмкүн”, – деди Жанар Акаев.

Депутата Жанара Акаева вызвали на допрос в МВД

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *