Видео – Депутат Жанар Акаев Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын Баткен шаарында белгилөөнү сунуштады

Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын Баткен шаарында белгилөөнү сунуштады.

“Жыл сайын Баткен облусунда чек ара, миграция ж.б. көйгөйлөр токтобой келе жатат. 31-августта жыл сайын Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн белгилейбиз. Ал күндү Бишкек шаарында гана белгилеп келе жатабыз. Өкмөт системдүү иш алып барып, 2021-жылы Эгемендүүлүктүн 30 жылдык маарекесин Баткен шаарында белгилешибиз керек. Андан кийинки жылы Ысык-Көл, Нарын же Таласта белгилешибиз керек. Ошентип, 31-августту жыл сайын ар кайсы шаарларда өткөрүүнү өкмөт пландап, бизнести ошого жараша үгүттөп баштаса чоң идеологиялык жумуш болт эле” – деп билдирди Жанар Акаев.

Ал ошондой эле, Эгемендүүлүк күнүн белгилөөнү Баткен шаарынан башталса, ички туризм өнүгө турганын, ал аймакка көңүл бөлүнүп, жолдор оңдолуп, социалдык объекттер курула турганын белгиледи.

“Арменияда жыл сайын Эгемендүүлүк күнүн ар кайсы шаарларда өткөрүшөт. Биз дагы ушул демилгени колго алышыбыз керек”, – деп билдирди депутат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *