Депутаттар 15-апрелге чейин эл кыдырып, таажывирустан сактануу жолдорун айтып беришет

Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттардын 27-март аралыгында өлкө аймактарына чыгып, жергиликтүү тургундар арасында таажывирус илдетине каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштери 15-апрелге чейин узартылды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламент өзүнүн режиминде иштей турганын айтты.

“Эч ким каникулга же өргүүгө кетпейт. “Өзгөчө абал киргенде Жогорку Кеңеш токтоосуз иштейт” деп жазылган. Биз ишибизди токтотпойбуз. Керек болгон учурларда, чогула турган жыйындарыбыз болсо, биз токтоосуз чогулуп жыйын өткөрөбүз. Биз жергиликтүү бийликтер менен байланышып, аларга жардам берип турабыз” – деди Дастан Жумабеков.

Ал таажывирус менен күрөшүүдө элге жардам берип жаткан депутаттарга ырахматын айтты.

“Биз 27-мартты 15-апрелге чейин узартабыз” – деди төрага.

Белгилей кетсек, ЖКнын депутаттары 23-27-март аралыгында өлкө аймактарына чыгып, эл арасында таажывирус илдети тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшмөк.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *