Депутаттар аймактарга барып, элге таажывирус тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт

Жогорку Кеңештин депутаттары 23-27-март аралыгында өлкө аймактарына чыгып, жергиликтүү тургундар арасында таажывирус илдетине каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшмөкчү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому кабыл алынды.

Белгилей кетсек, акыркы маалыматтарга караганда, жугуштуу коронавирус илдети (Covid-19) дүйнөнүн 180 өлкөсүнө жайылды. Анын кесепетинин 8 миң адам набыт болгон. Ал эми Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккан 3 адам каталды. Алардын баары Сузак районунун тургундары болуп саналат. Ал аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланып, илдеттин жайылышын алдын алуу чаралары көрүлүүдө.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *