Депутаттар Европа Кеӊешинин Венеция комиссиясынын аймактык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Сергей Кузнецов менен жолугушту

Бүгүн, 26-июлда Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрайымы, депутат Асель Кодуранова, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы, депутат Мирлан Жеенчороев Европа Кеӊешинин Венеция комиссиясынын аймактык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Сергей Кузнецов менен жолугушту. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы маалымдайт.

Тараптар Кыргызстандагы шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүү жана ага тиешелүү мыйзамдардагы кемчиликтерди жоюу багытында баарлашышты.

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрайымы, депутат Асель Кодуранова өлкөдөгү туруктуулуктун негизги таянычы болгон таза шайлоо жараяндарын калыптандыруу жаатында бир катар иштер аткарылганын белгилеп: “2010-жылга чейинки мамлекеттеги башаламандыктын башкы себептеринин бири катары шайлоолордогу мыйзамсыз көрүнүштөр эсептелип келген. Андыктан, акыркы жылдары жаӊы технологиялардын жардамы менен биометрикалык маалыматтарга негизделген элдик добуш берүү өнөктүгү киргизилип, шайлоочулардын да, атаандаш талапкерлердин да шайлоолорго карата ишеними жогорулады”, – деди.

Ал эми Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы, депутат Мирлан Жеенчороев шайлоолордогу бурмалоолор эки жолу бийликтин күч менен алмашышына негиз болгонуна токтолуп: “Таза шайлоо, туруктуу өнүгүүгө өбөлгө. Ошондуктан, парламент шайлоо мыйзамдарына зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүү менен чектелбей, анын аткарылышын да көзөмөлгө алууга кызыкдар”, – деп кошумчалады.

Өз кезегинде Европа Кеӊешинин Венеция комиссиясынын аймактык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Сергей Кузнецов Кыргызстан былтыркы парламенттик шайлоону таза, ачык-айкын өткөргөндүгү менен көпчүлүккө үлгү болгонун белгилеп: “Шайлоо мыйзамдарына киргизилген акыркы өзгөртүүлөр быйылкы президенттик шайлоонун да жогорку деӊгээде өтүшүнө көмөкчү болот деген ишеничтебиз”, – деди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *