Депутаттар мамлекеттик карыздардын чегин алып салуу сунушуна макул болушту

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде өлкөнүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыздарынын жогорку чегин кайрадан ыраатташтырууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн берген маалыматына караганда, иштеп жаткан мыйзам талабына ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик карыздарынын жогорку чеги өлкөнүн ички дүӊ өнүмүнүн 60 пайызынан ашпоого тийиш. Ушу тапта мамлекеттик карызынын өлчөмү 3 млрд 805 млн долларды (288 млрд 803 млн сом) түздү же ички дүӊ өнүмгө карата – 68,2 пайыз. Мындайча айтканда, мыйзам көрсөтүлгөн чектен ашып кеткен. Ошондон улам, өкмөт кирешенин төмөнкү деңгээлиндеги өлкөлөр үчүн карыздын туруктуулук деңгээлин баалоонун эл аралык көрсөткүчүн колдонууну сунуштоодо. Ал мурдагы усулга караганда кыйла ийкемдүүлүк кылат.

Өткөн мезгил аралыгында, 60 пайыздык чек киргизилгенге чейин, мамлекеттик карыздардын деӊгээли кыйла жогору болгон учурлар көп эле байкалган. Алтургай, 2000-жылы анын чеги ички дүӊ өнүмгө карата 130 пайызды түзгөн. Алдынала маалыматтар боюнча, мамлекеттик тышкы карызды тейлөө үчүн республикалык бюджеттин кирешесинин 10 пайызы жумшалат. Демек, ал азырынча Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фонду тарабынан аныкталаган көрсөткүчтүн 20 пайызына жетпейт. Ошондон улам, эл аралык көрсөткүчтөрдү эсе алуу менен, мамлекеттик карыздардын чегин өкмөт өзүн аныктай турган өзгөртүү сунушталууда.

Талкуу жыйынтыгында тармактык комитеттин мүчөлөрү өкмөттүн мамлекеттик карыздардын жогорку чегин алып салуу сунушуна макул болуп, мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келишти.

1 ой-пикир

  • Оштон says:

    Ойий! Жыргаган турбайбызбы. 288 млрд. сом тышкы карызыбыз. Мамлекеттин бюджетинин дефицити 30 млрд.сом. Жакында мамлекет банкрот болот. Чинуштар, кобуроок уурдагыла банкрот болгуча, алып калгыла, АШАга окшоп чыгарып кеткиле бир аралга. Кийин жыргап жашай бересинер элсиз, мамлекетсиз эле.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *