Депутаттар тобу өлкө аймагында аӊчылыкка тыюу салуу демилгесин көтөрүүдө

Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинде өлкө аймагында аӊчылыкка тыюу салууга багытталган «Кыргыз Республикасында аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Эмил Токтошев, Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, Дастан Бекешев.

Мыйзам долбоору жаныбарлар дүйнөсүн коргоо максатында иштелип чыккан. Демилгечилердин айтымында, Жогорку Кеңештин дарегине айрым коомдук уюмдардан башаламан аңчылыкка чара көрүү жана мергенчилик кылуучу жерлерди чет элдик жана жеке жактарга ижарага берүүгө тыюу салуу тууралуу кайрылуулар келип түшкөн. Андан тышкары, айрым коомдук кыймылдар мамлекеттик органдардын мекемелеринин алдында мергенчилик кылуучу жерлерди ижарага берүү сынактарын токтотууну талап кылышкан.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда өлкө аймагында мергенчилик кылуучу жерлерге ээ болгон 52 аңчылыкты пайдалануучулар иш алып барат, алардын ичинен 1 мамлекеттик, 9 коомдук жана 42 жеке жактар. Мергенчилик кылуучу жерлердин жалпы аянты 14,4 млн.га, анын ичинен 7,2 млн.га мамлекеттик, 3,2 млн.га коомдук жана 4 млн. га жеке жактарга таандык. 2013-жылы Аңчылык департаменти тарабынан 2,96 млн сомго жакын 710 аңчылык эрежелерин бузуу, браконьерлик жана башка мыйзам бузуу фактылары катталып, 48 даана ок атуучу аңчылык куралдар алынган…

Демилгечилердин бири Эмил Токтошев акыркы 10 жылда эле илбирстердин саны 3 эсе азайганын билдирди. Ошондон улам, «2014-2020-жылдары ак илбирстин экотутумун сактоо боюнча» ааламдык программа кабыл алынып, анын каржылоо көлөмү 190 млн АКШ долларын түздү. Илбирс азыктануу пирамидасынын эң чокусунда турат. Анын сакталышы жана көбөйүшү бүткүл биологиялык тутумдун туруктуулугунун көрсөткүчү болуп саналат.

Талкуу жүрүшүндө бир катар депутаттар өлкө аймагында аӊчылыкка тыюу салууга каршы пикирлерин билдиришти. Өкмөт өкүлү да мыйзам долбооруна каршы экенин айтышты. Алардын пикиринде, жергиликтүү калктын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен катар, аӊчылык тартибин бекемдеп, аӊчылык кылуу маданиятын көтөрүү зарыл. Демилгечилер алардын пикири менен макул болуп, мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн кайтарып алышты.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *