Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Депутаттык мандатты кайтарып алган Өмүрбек Текебаев Камчыбек Ташиевди Садыр Жапаровдун «дос-катчысы» деп атады
Саясат

Депутаттык мандатты кайтарып алган Өмүрбек Текебаев Камчыбек Ташиевди Садыр Жапаровдун “дос-катчысы” деп атады

Бүгүн, 16-октябрда, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында “Ата Мекен” фракциясынан жаңыдан башталган депутат Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөп, Камчыбек Ташиевдин болуп жаткан саясий процесстердеги ролун белгиледи.

Текебаевдин айтымында, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосунда достук бар.

“Ташиевдин кандай ролу бар деген суроолор көп. Бизде мурун мамлекеттик катчы кызматы бар болчу. Демек, мен Ташиевди “дос-катчы” деп айтат элем” деди ал.

Ал белгилегендей, 15-октябрдагы окуяларда Ташиевдин ролу Жапаровдун өзүнө караганда дагы чоң болушу мүмкүн.

Эске сала кетсек, кечээ, 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков президенттиктен кетээрин жарыялаган. Кечинде премьер-министр Садыр Жапаров спикер Канат Исаев президенттин милдетин аткаруучу кызматынан баш тартканын билдирди. Ошентип президенттин дагы, премьер-министрдин дагы кызматын Садыр Жапаров аткарат.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт