Мирзохалим Каримов, журналист: “Депутаттык мөөнөттү да экиден ашырбайлы!”

Депутаттыкты ар кандай жолдор менен көп жылдар бою кесип кылып алгандар жана супарасы курук болгону үчүн багы ачылбаган татыктуулар тууралуу эки ооз сөз.

Кийинки жылдары өлкөнүн жогорку бийлик органы болуп саналган Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө, депутаттардын дарегине эл тарабынан ар кандай сын айтылып келгени бекеринен эмес. Буга ошол сын-пикирлерден тиешелүү жыйынтык чыгарып, өнүгүүгө кедерги болгон шайлоо системасындагы кемчиликтерден арылыш үчүн саясий реформаларды чечкиндүү жүргүзө турган убакыт эчак өтүп кеткени жана дале болсо ага олуттуу маани берилбей жатканы себеп.

Шайлоо жөнүндөгү мыйзам депутаттыкты ар кандай жол менен көп жылдар бою кесип кылып алууга жөндөмдүү адамдар үчүн жазылып, азыркы система ошолор үчүн эле түзүлүп калгандай.

Буга нааразы болгон эл ошол көөнө системаны кулатуунун жолун таба албай убара. Анткени ал системанын артында, жогоруда айтылгандай, депутаттыкты ар кандай жолдор менен кесип кылып жүрө берүүгө материалдык чама-чаркы ашып-ташкан азаматтар турат.

Алар азыркы шайлоо мыйзамын, өнүгүүнү артка тарткан системаны өзгөртүүнү каалашпайт. Эмне себептен каалабаганын кайталап айтып отуруунун кажети жок, аны элдин баары беш колдой билип турат.

Депутаттык корпус улам тазаланып, улам жаңыланып турмайынча парламентаризм эч качан өнүкпөйт. Биздин өлкөдө аны өркүндөтүүнүн жолдорунун бири – бул ар бир чакырылышта улам депутат болуп шайлана берүүгө, депутаттыкты көп жылдар бою кесип кылып алууга мындан ары жол бербөө, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо мыйзамына “Кыргыз Республикасынын ар бир жараны Жогорку Кеңешке эки жолу гана шайлана алат” деген укуктук норманы киргизүү болуп саналат.

Президенттикке шайланууда да мындай укуктук норма бар, эмне үчүн депутаттыкка ушундай укуктук норма киргизүүгө болбосун? Бул укуктук норма киргенден кийин депутаттыкты көп жылдар бою ар кандай айла-амал менен кесип кылып алгысы келгендер шайлоого катыша албай калат. Мына ошондо парламентке самандай сапыра турган акчасы жок болгону менен, элге татыктуу кызмат кыла турган жаңы кадрлардын шайланып келишине шарт түзүлөт.

Парламенттин аброю ошондо көтөрүлүп, элдин ишеними артат. Акча чачпай шайланган ал депутаттар байлыгын, бизнесин коргоо менен эмес, өлкөнү өнүктүрүү, элдин жыргалчылыгын жогорулатуу, мыкты мыйзамдарды иштеп чыгуу менен алек болот, саясий жаңжалдарга, ыплас интригаларга аралашпайт, жогору жактын буйругуна карап иштебейт деген үмүт бар.

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо мыйзамына эки жолу гана шайлануу тууралуу  укуктук норма киргизилип, депутаттык кол тийбестикке бөгөт коюлганда адилеттик орнойт, анын шарапаты менен өлкө парламенттик таза жана сапаттуу корпуска ээ болот.

Бирок албетте, ачыгын айтыш керек – жогоруда айтылган укуктук норма бардык эле бийлик бутактарынын кызыкчылыгына туура келбейт. Бул абдан татаал, оңой менен ишке ашпай турган маселе. Себеби, жогорку бийликте турган адамдарга өтө чон ыңгайсыздык жаратат. Натыйжада саясий спектаклдер коюлбай калат, депутаттарды ар кандай интригаларга пайдалануу сыяктуу оюндар бара-бара ооздукталат.

Мирзохалим Каримов, журналист

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *