“Динчил патриоттордун” партиясы Интернетти чектөө боюнча мыйзам долбоору үчүн кол топтошууда

“Кыргыз Эл” коомдук бирикмеси жана “Улуу Кыргызстан” партиясы интернетти чектөө боюнча мыйзам  долбоору үчүн 25 миң кол чогулткан. Бул тууралуу 14-январда “Кыргыз Эл” коомдук бирикмеси билдирди.

Эскерте кетсек, былтыр февралда “Балдардын өнүгүүсү менен ден-соолугуна зыян келтирген маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору сунуш кылынган эле.

Мыйзам долбоору төмөнкүлөрдү сунуш эткен:

Милдеттүү түрдө контентти жаш курагы боюнча маркировкалоо, өнүгүүсү менен ден-соолугуна зыян келтирген маалыматтан коргоо тармагын көзөмөлдөгөн мамлекеттик органды аныктоо;

Маалыматты теле-радио берүүлөр, маалыматтык-телекоммуникациялык түйүндөр аркылуу жайылтууда тандоо талабы;

Маалыматты экспертизадан өткөрүү, мамлекеттик көзөмөлгө алуу, балдардын өнүгүүсү менен ден-соолугуна зыян келтирген маалыматтан коргоо тармагында КР мыйзамдарын сактап, коомдук көзөмөл жүргүзүү, эреже бузгандыгы үчүн жоопкерчилигин аныктоо.

Мыйзам долбоорунун негизги максаты – балдар менен өспүрүмдөрдүн адеп-ахлактык, психикалык жана социалдык ден-соолугун сактоо жана бекемдөөнү камсыз кылуу  болуп саналат.

“Биз 18+ контентине жаш балдардын кирүүсүн чектөө жөнүндө мыйзам долбоору үчүн 25 миң кол чогулттук. Дагы чогулта бермекчибиз”, – дейт коомдук бирикме.

Буга чейин “Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбооруна анализ жасап, маалыматка жетүүгө таасир берген бир нече маанилүү жерлерин табышкан.

Белгилей кетсек, иштелип чыккан мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн түшүнүктөргө аныктама берилген эмес, натыйжада сөз эркиндигин бузууга алып келиши мүмкүн. Үй-бүлөлүк баалуулуктарды четке каккан жана ата-энени сыйлабоого үндөгөн маалыматка кайсылар кирери көрсөтүлбөгөн. Кыргызстандын жарандары ар түрдүү улуттардан турат, алардын үй-бүлөлүк баалуулуктары да кескин айырмаланат.

Азыркы тапта бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке киргизиле элек.

Башында мыйзамдын авторлору катары депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Гүлшат Асылбаева көрсөтүлгөн. Бирок азыр сайтта автору катары жалгыз Гүлшат Асылбаева гана көрсөтүлүп турат.

Кол чогулткан “Улуу Кыргызстан” партиясы 2012-жылы түзүлүп, жетекчиси – Улан Эсенкожоев.

Ар кайсыл ММК каражаттарынын маалыматтары боюнча, “Улуу Кыргызстан” партиясы диний ишеним бириктирген патриоттордон турары айтылган. Лидерлердин бирөөсү да тамеки чекпейт, ичимдик ичпейт. Башкы максаты – тагдырына кайдыгер карабаган жарандардын бириктирүү менен Улуу кыргыз мамлекетин кайра түзүү болуп саналат. Партия 2015-жылдагы парламенттик шайлоого катышкан.

Шайлоодо КТРКдагы дебаттар учурунда бул партия динге басым жасаганы талкууланган. “Улуу Кыргызстан” партиясынан талапкер болгон Максат Касенов теледебатта партияга арак ичпеген, тамеки тартпаган, намазга жыгылган таза жигиттер бириккенин билдирген.

Бул партияны Кыргызстандын мурдагы муфтийи, диний ишмер Чубак ажы Жалилов ачык колдогону да белгилүү.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *