Диний фанатизмдин кесепеттери

Жакында Ош базарындагы кафелердин би­ринде чай ичип гезит окуп отурсам, дин­чилдер экени кийиминен байкалган эки жи­гит жаныма келип: «Алдагы каапырлардын гезитин окубай, ыйман басылмасын окуңуз», – деп «Ислам маданияты» гезитин сунушту. Мен «Ай, балдар, биз дүйнөбий мамлекетте жашайбыз. Антип элди «каа­пыр», «ыймандуу» деп бөлгөнгө укугуңар жок» деп баш чайкап кала бердим. Алар тегерегимдеги башка адамдарга да «каапырлардын коркунучун» айтып ор­мон опуза сөздөрүн улантышты. Көпчүлүк алардын сөздөрүн колдоп, баш ийкеп жатканын байкадым. Ошол окуя ушул макаланы жазууга түрткү болду.

Эч нерседен бейкапар 15 союздук республика тара­тылгандан кийин Кыргызстандын идеологиясынын ордун тышкы күчтөрдүн тымызын колдоосу менен сая­сатташкан диндердин ар кандай агымдагы идеологиясы аста-секин ээлеп келатышканын байкап келе жатсаңы­здар керек. Элди уруу-урууга, топ-топко бөлгөн шайлоолордун мансапка азгырып, алагды кылган шайтан оюндарын, кыргыздын идеологиясынын чырагы болуп келген интеллигенциянын кайдыгер боло баштаганын ыктуу пайдаланган ар кандай агымдагы салттуу эмес диний идеологиялар акыркы жылдарда өтө жанданып баратканы айтпаса да белгилүү.

Демократияга даяр эмес, улуттук идеологиясы калып­тана элек өлкөнүн идеологиялык боштугун ээн-эркин пайдалана баштаган андай жат идеологияларды ошол кезде эле өз ордуна коё турган убак эчак өтүп кеткен. Алар дүйнөбий түзүлүштөгү мамлекеттин Конституци­ясын коргой турган мурдагы өлкө жетекчилеринин кай­дыгерлигинин кесепетинен тамырларын бир кыйла те­реңдетип алган. Ушундай кооптуу кырдаал күндөн-күнгө өрчүп-өнүгүп баратканына кыргыз идеологдору менен интеллигенциясы азыр деле камаарабаган таризде бо­луп жатканы абдан өкүнүчтүү. Түзүлүп калган диний кырдаал тууралуу өлкөнүн тагдырына күйгөн инсан­дар жалпыга маалымдоо каражаттарында канчалаган коңгуроо кагып жатса да, тереңдеген маселеге идеоло­гиялык-саясий баа берилбей жатканына таң каласың.

Өзүңүздөргө маалым болгондой, дүйнө азыр тынч эмес. Бүткүл дүйнө элдерине коркунуч туудуруп жаткан диний фанатизмге, экстремизмге, терроризмге каршы күрөшүү милдети Кыргызстандын алдында деле кашкай­ып турат. Бул коркунучтар бийлик менен оппозициянын жана жалпы элдин ичинде бекем ынтымак, мамлекет менен диндин ортосунда тилектештик, өлкөдө темирдей тартип өкүм сүргөн учурда гана ооздукталышы мүмкүн. Анткени өлкөдөгү ырксыздыктан, анархиядан шайтан­дын кулагы сүйүнүп, мамлекеттин түзүлүшүн өзгөртүүнү союз тарагандан бери самап келаткан ички жана тыш­кы күчтөрдүн чырагына май таамп, араң эле турушат. Айтор, келечегибизди ойлобой кайдыгер боло берсек, “жей турган бөрүлөр тиштерин кайрап, баарына дапда­яр турушат”. Эгер андай болбосо, диний фанатизмдин элементтери Кыргызстанда кайдан пайда болуп жүрөт?

Фанатизм дартына ууландырылган көптөгөн атуул­дарыбыздын ислам динине эч бир тиешеси жок Сири­ядагы согушка барып катышып жатышканы, тигил же бул динди тутууга же тутпоого конституциялык укугу болгон аял кишинин сөөгү диний мамлекеттин эмес, дүйнөбий мамлекеттин жериндеги мүрзөлөрдөн бир нече жолу казылып алынып мазакталганы жана мын­дай бейбаштыктар буга чейин деле болуп келгени, ай­рым атуулдардын уул-кыздарын милдеттүү болгон ме­дициналык эмдөөлөрдөн баш тартышы, мамлекеттин Гимни уктурулган учурда динчил кыздардын ордунан турбай коюшу сыяктуу фактылар буга далил боло алат.

Албетте, жогоруда айтылгандар көрүнүштөр кооп­тондурбай койбойт. Бул өз өлкөсүндө жашап туруп, таг­дыр-насиби байланган мамлекетинин баш мыйзамы – Конституцияга баш ийбегендик жана аны сыйлабаган­дык деп айтаар элем. Мамлекет мындай көз караштагы атуулдарын мыйзам чегинде тартипке чакырбаса, алар­дын саны улам көбөйгөн сайын чоң проблемаларды пай­да кылат. Мамлекеттин Баш мыйзамына колунда атуул­дук паспорту бар бардык жарандар баш ийип, кандай түзүлүштөгү өлкөдө жашап жатышканын беш колундай билип жүрүүгө милдеттүү. Ар ким өз каалоосуна, идея­сына ылайык келе турган башка түзүлүштү курууга, элди ага үгүттөөгө Конституция жол бербейт. Ошондой ниет менен тышкы күчтөргө таянып, жаңжал чыгарган тажик диний оппозициясы кандай тагдырга туш болгонун би­лесиздер. Тажик бийлиги арадан бир нече жыл өткөндөн кийин бул оппозицияга кайсы тышкы ислам мамлеке­ти жол көрсөтүп жардам бергенин кечээ жакында эле расмий түрдө жарыялаганын уксаңыздар керек. Кыска­сы, мамлекет атуулу менен, атуулу мамлекет менен иши болбой алыстап калышы анархияга алып келери шексиз.

Бул макаланы окуган айрым диний идеологдор: “Бул адам динге каршы турбайбы… ” деп дароо эле бир бет­кей бүтүм чыгарарын алдын-ала сезип турам. Себеби, буга чейин деле ушундай бир тараптуу сөздөрдү угуп келгем. Мен дүйнөбий өлкөдө бийлик тизгинине көз арткан саясатташтырылган диндин эмес, нукура мусул­манчылыкты туткан ата-бабаларыбыздан мураска кал­ган салттуу динибиздин тарапкеримин. Бала кезибизде айылдагы аксакал молдолордун колуна таягын карма­тып, кепичин алдына оңдоп коюп, акыл-насааттарын угуп тарбияланганбыз.

Эгерде азыр беш убак намазын окуп, мамлекеттин иштерине аралашпай, саясат дегенди билгиси да келбе­ген чыныгы момун молдолор болсо, сакалынан жыттап сыйынып турар элем. Тилекке каршы, андайлар азыр азайып баратат. Алгачкы адеп-ахлак, ыйман тарбия­сын айылдагы күмүш сакал ошол нукура молдолордон алганмын. Алар берген нравалык тарбияны беш жыл окуткан университет да бере албайт. Алар бизге дайы­ма: “Дүйнө тынч болсун ылайым, өкмөтүбүзгө рахмат, өлкөбүз өнүксүн, силер балдар, мектепте жакшы окуп, бир кесиптин ээси болгула, Кудай жолунда жүргөндү унутпагыла”, – деп бата берип турушчу. Мен алардын айтканын аткарууга дайым аракет кылам.

Журналисттик кесипке ээ болуп, коммунисттик иде­ологиянын жоокери болгондон кийин деле Пайгамба­рыбыз Мухаммад Алейхис Саламдын миңге жакын ха­дистерин (осуяттарын) тажикчеден кыргыз тилине ко­торуп, 1991-жылы алгачкылардан болуп союз доорунда жарыкка чыгаргам. Коммунисттик идеология дүркүрөп турган маалда менин бул аракетимди жактыргандарга караганда жактырбагандар көбүрөөк болгон. Ошол жак­тырбагандарга: “Пайгамбардын осуяттарын коммунист­тер да, космонавттар да, айтор кимиси болбосун окуса зыяны жок, ”- деп айтчумун. Улуу философтордун, даа­нышмандардын залкар ой-мурастары да, пайгамбардын осуяттары да адамды адам кылып тарбиялай турган асыл мурастар экенин азыр деле айтып келе жатам. Бирок, тилекке каршы, учурда дин десе эле түшүнүп-түшүнбөй башкача кабылдагандар өтө арбын.

Саясатташпаган салттуу диндин нравалык пайдасы баа жеткис. Эгер дин ишмерлери аны туура жолго ба­гыттап иш жүргүзүшсө, мамлекет үчүн руханий чоң күч-кубат болот эле. Ал эми туура эмес иш жүргүзүү кан­дай зыян келтирээрин Мухаммад пайгамбарыбыз хади­стеринде осуят кылып эскерткен: “Динде чектен өтүп, аша чаап кетпеңиздер. Анткени, сиздерден мурда өткөн муундар чектен өтүп, аша чаап кетишкени үчүн курман болушкан, ” “… динди оңой кылып көрсөтүңүздөр, тата­алдаштырып жибербеңиздер. Адамдарды сүйүндүрө тур­ган сөздөрдү сүйлөңүздөр, аларды ар түрдүү туура эмес сөздөр менен коркутпаңыздар, ”- деп айтылат. Мен бул хадистерден динди фанатизмге айландырбоону, фанат болуп кетпөө керек деген маани-маңызды түшүнгөм. Демек, биз динге эмес, диний фанатизмдин өнүгүп ке­тишине каршы турушубуз керек…

Мирзахалим Каримов

Булак: «Айгай-пресс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *