Дипломду алып, аны сандыктын түбүнө катып коюп, кара жумушта эмгектенгендердин саны арбын…

Азыр таш ыргытсаң  жогорку билимдүү адамдын башына тийет деген кеп жөн жерден чыкпаса керек. Анткени азыр ЖОЖду аяктаган адистердин саны абдан көп. Бирок тилекке каршы дипломду алып, аны сандыктын түбүнө катып коюп,  ылайыктуу кесибине жараша иши жок, кара жумушта эмгектенгендердин саны арбын.  Эгемендүүлүк   алгандан бери Кыргызстанда студенттердин саны үч эсе көбөйгөнү белгилүү. Аны менен катар жогорку окуу жайлардын да саны кескин көбөйүп кетти. Учурда 50 жогорку окуу жайы болсо анын 31и мамлекеттик, 19у жеке менчик окуу жайлар болуп саналат.
Бирок азыркы  күндө  кийинчерээк ачылган ар бир эле университет билим берүү деңгээли боюнча алдыга озуп чыккан жери жок. Аргасыздан  аларды «диплом жасоочу завод» деп атап койсо да болчудай. Мисалы, Бишкек шаарында юристтерди даярдап чыгара турган Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы, экономистердин уюгу болгон Кыргыз экономикалык университети бар. Анда  жайнаган башка университеттердин  алдындагы ушул кесиптерди окутуп үйрөтүүчү факультеттердин эмне зарылчылдыгы бар эле? Бул бир гана чети… Ал эми ар бир облус, шаарда ачылган  университеттерде билим берүүнүн сапатынын начарлыгынан андай окуу жайларын бүтүргөндөрдүн көпчүлүгү жумушсуздардын катарын толуктап келатканы да жашыруун эмес. Айрым маалыматтар боюнча, кыргызстандык студенттердин 20 пайызы  гана жогорку окуу жайынан кийин иш менен камсыз болушат экен.
Дагы бир баса белгилеп кетүүчү жагдай, биздин жогорку окуу жайларда ар кандай стандарттар менен окутушат. Маселен,  бирдиктүү окуу формасы жок, жөнөкөйлөштүрүп айтканда кээ бир окуу жайлар 5 жылдык окуу мөөнөтү менен окутуп жогорку билимдүү кылса, ал эми башкасы 1999-жылы Италиянын Болонья шаарында Европадагы 29 мамлекеттин билим берүү министрлери Европадагы бирдиктүү жогорку билим берүү системасын түзүү тууралуу декларацияга кол коюшкан, ошол декларацияда кабыл алынган бакалавриат системасына салып 4 эле жыл окутушат.
Учурда окуу жайлардын кадыр-баркынын түшүп кетиши бул  университеттеги паракорчулуктун гүлдөп өнүгүшүнөн келип чыкты десек болот. Айрым сурамжылоолордун чыгарган жыйынтыгына таяна турган болсок Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ичинен Борбор Азиядагы Америка университети менен Кыргыз-Түрк “Манас”  университети гана паракорчулуктан алыс экен. Университеттеги паракорчулук тууралуу айрым студенттердин өз ооздорунан уксак.

 Кыргыз улуттук университетинин студенти РАСУЛ:

-Университетте  паракорчулук  чындыгында  абдан эле өнүккөн. Мунун ар кандай түрлөрү бар. Мисалы, айрым мугалимдер өз китептерин сессия учурунда сатуу менен пара алуунун башкача түрүн жасашса, ал эми айрымдары  окубай жүргөн студенттин капчыгын каңтарат, кээ бирлери «баары бирөө үчүн,  бирөө баары үчүн» деген методдору менен бүтүндөй  группадан олчойгон сумманы жыйнап кетишет. Мына,  мен быйыл университетти аяктап жатам. Учурда дипломдук ишимди өзүм жазган жокмун, жетекчим менен сүйлөшүп бир аспирантка жаздырып жатабыз. Бирок  дипломдун баасы болгон 15 000 сомду жетекчиме берем. Эгер дипломду өзүм жазайын десем баарыбир андан бир кемтик таап, өткөрбөй убара кылышат дешти. Ал эми өздөрү жазып берген дипломдук ишти мен оўой эле коргоп, атүгүл  төлөп берген акчама жараша мыкты баа алышым мүмкүн.

 Кыргыз-Орус Славян университетин 2015-жылы  аяктаган  АЙГЕРИМ:

-Бизде башка университеттерге салыштырмалуу паранын суммасынын көлөмү жогору болчу.  Бир эле сабактан зачет алыш үчүн эң эле арзан баа 2000ди түзсө, анча-мынча татаал сабактар 5000-6000ге чейин жетчү. Мен окуп жүргөндө бир мугалим эже бар эле (аты-жөнүн деле айтты, тактай албагандан кийин жаза албайбыз. Н.Ж) ал бизге 2-курста сабак берип, сессия учурунда 2500 сомдон баарыбыздан жыйнап алган. Ал ар бир студенттен өз алдынча  алган эмес, баардыгын староста аркылуу алчу. Бербейбиз дегенибизде «мен бешинчи курсуңарда да сабак берем, абайлагыла» деп ачык эле айткан.  Айтканындай эле 5-курста да сабак берди, ал жолкусунда мурункусунан көбүрөөк алган.

Мындан тышкары Бишкек гуманитардык университетинде бир сабактын экзамен же зачету  500 сомдон 1000 сомго чейин бүтсө, Кыргыз мамлекеттик Агрардык университетинде 150 сомдон 800 сомго чейин бүтөт экен. Канткен күндө да келечек  ээлерине терең билим берүү менен гана өлкөбүздүн эртеңин оңдой алаарыбызды эсибизден чыгарбасак  экен  деген эле ой.

Ал эми сырттан окуу бөлүмүндө окугандар тууралуу эмки саныбызда кененирээк сөз кылабыз.

Нурмухамед Жумабеков,

Булак: “Жаңы Агым”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *