Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Дмитрий Козак Бишкекке Путиндин тапшырмасы менен келди. Ал президент Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаров менен жолугушту
Саясат

Дмитрий Козак Бишкекке Путиндин тапшырмасы менен келди. Ал президент Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаров менен жолугушту

Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын башчысынын орун басары Дмитрий Козак Бишкекке Россиянын Президенти Владимир Путиндин тапшырмасы менен келди.

КРнын президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, бир күн мурун Президент Сооронбай Жээнбеков аны менен жолугушту. Жолугушууга Садыр Жапаров дагы катышты.

Жолугушуунун чоо-жайы айтылган жок.

«Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал кризистин биринчи күндөрүнөн тартып, Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен бир нече жолу телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргызстан менен Россия союздаш жана стратегиялык өнөктөш, ошондой эле ЖККУ, ЕАЭБ, КМШ жана ШКУнун мүчөлөрү. Россиялык тарап тынчсыздануусун билдирип, кырдаал түзүлгөн учурдан баштап кырдаалды жөнгө салууга өз жардамын сунуштады», – деп билдирди басма сөз кызматы.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт