Долон бий

Домбул бийдин уулу Долон өз курактуулардын ичинен тың жигит болуп чыгат. Адегенде анын кадыр-баркы өз теңдүү жолдош-жоролорунун арасында өсүп, андан кийин эл оозуна алына баштайт. Үйлөнүп жайланат. Бара-бара кыргыз эли, ата салты кылып Долонду бий кылып алышат. Бий болгондон кийин элдин жоопкерчилигин сезип алардын ар-намысын сактап, душмандан коргоого аракет кылат. Чыңгызхандын мезгилинде анын колуна түшпөс аракетинде болуп, эли менен акырын жылып олтуруп, Тянь-Шань тоолорунун арасына келип, элин башкарып токтоп калган экен.

Долон бий улгайып калган учурунда, байбичеси элүүгө жакындап калганда эки эгиз бала төрөйт, анын бирөөнү «Оң», экинчиси «Сол» деп атап коёт. «Ондун» аты — Ак уул (Агул) — Абыл, «Солдун» аты — Куба уул (Куул) — Кабыл экен. Эмине үчүн «Оң», «Сол» деп айтылган? Мунун муундан-муунга айтылып келе жаткан себеби көп. Анын ичинен санжырачы аксакалдар арасындагы бир нече болжолун же себебин айтып кетели.

«Оң», «Сол» деген ат балдар төрөлө электе эле коюлган экен. Себеби, Долон бий көп жылдар балалуу болбой жүрүп, байбичеси элүүгө жашы барып калган кезде кош бойлуу болуп калат. Долон бий сүйүнгөндүктөн байбичесинин боюнда бар кезинде эле чоң той берип:

«Элим, байбичемдин боюнда бар, кудай буюрса балалуу болмок болдум, силердин батаңарды алайын деп- чакырдым» деген имиш. Бир карыя Долондун байбичесине карап туруп: «Балам аман-эсен эки эркек эгиз бала төрөйсүң, балдарыма ат коюп бергин» деп сурап жатасың. Оң бөйрөгүңдөгүнү «Оң» деп кой, сол бөйрөгүндөгүнү «Сол» деп койгун, оомийин», деп бата берген экен. Ошентип, кийин Долон бийдин байбичеси аман-эсен көз жарып, эки эркек бала төрөйт. Балдар төрөлгөндө кадимкидей асан чакырылып, оң бөйрөктөн төрөлгөн балага Абыл (Ак уул), сол бөйрөктөн төрөлгөн балага (Куу уул) Кабыл деп ат коюлган дешет. Мына ушундан улам эл ичинде «Оң» канат, «Сол» канат деп айтылганын биринчи себеби ушул. Экинчи себеби мындай: -эненин ичинен мурун түшкөн балага — Абыл (Ак уул), кийинки түшкөн балага — Кабыл (Куу уул) деп ат коюшат да, мурун түшкөн балага оң эмчегин, кийин түшкөн балага сол эмчегин эмизчү экен, ошондон «Оң», «Сол» деп атап калган дешет. Эл арасында айтылып жүргөн үчүнчү себеби, ал Долон бийдин эки аялы болгон имиш. Улуу аялынын баласынын аты Абыл, кичүү аялынын баласы Кабыл экен. Кичүү аялы өлүп, бала эмчекте калгандан кийин байбичеси эки баланы багат. Өз баласы Ак уулга оң эмчегин, күңүнүн баласына сол эмчегин эмгизчү экен. Мына ушундан «Оң», «Сол» болуп аталып калган деп да айтылат.

Эң акырында дагы бир себептери бул — Долон бийдин байбичеси эгиз төрөп, аттарын Абыл, Кабыл (Ак уул, Куу уул) деп коёт. Балдар секелек чоңоюп, күндөрдүн биринде чүкө ойноп жүрүшүп кечке жуук чүкө талашып «бул менин чүкөм, бул сенин чүкөң» дешип чатакка айланып кетет. Ата-энеси чүкөлөрүн бөлүп, сооротуп койсо да болбой уруштарын уланта беришет, чарчаганда экөө тең атасы Долон бийге даттанып келишет. Муну байкаган атасы улуусу Ак уулга оң чүкөлөрдү, кичүүсү Куу уулга сол чүкөлөрдү бөлүп берип, мындан ары чырлашпай ушул өз чүкөлөрүңдү таанып бөлүп алып жүргүлө дейт. Мына ошондон улам «оң», «сол» деп аталып калган дешет.

Бирок, биздин оюбузча эң акыркы себеби туура го деген ойдобуз. Ак уул (Абыл) эки аял алган экен. Биринчисинен — Моңош, Наалы, экинчисинен Адигине, Тагай.

Моңошту кээ бир эл ичиндеги санжырачылар «Муңкуш» же «Могуш» дешип жаңылыш айтып жүрүшөт. Чындыгында андай эмес, анын чын аты Моңош. Аны бурмалабай айтуу керек. Демек, Адыгинеден, Тагайдан, Моңоштон жана Наалы кыздан тараган тукумдар «Оң» канат деп айтылат. Ал эми Куба уулдун (Кабылдан) Чоңбагыш, Каратал деген эки уулу болгон. Бул экөөнөн тараган тукумдар «Сол» канат деп айтылат.

Адигиненин (оң канат) тукумунун көпчүлүгү Кыргызстандын түштүк жагында, айрыкча Өзгөн, Совет, Алай ж. б. райондорунда жашашат. Бирин-серин Чүй боорунда — Онбир-Жылгада, Кызыл-Сууда, Ак-Бешимде ж. б. жерлерде жайгашып калышкан.

Тагайдын (оң канат) тукуму негизинен Тянь-Шань аймагындагы Кочкор, Нарын, Ат-Башы, Ысык-Көлдүн айланасында, Сары өзөн Чүйдүн башы Чон-Кеминден тартып, аягы Кара-Балтанын ары жагында — Казактын Меркесине чейин жашашат. Бул жерлерде жашаган элдердин басымдуу көпчүлүгү Тагайдын тукумунан тарагандар.

Ал эми он канатына кошулган Моңоштун тукуму «өтө аз, алар кыргыз аймагынын бардык жерлеринде бирин-серин жайгашып калышкан.

Ал эми Наалы кыздан тарагандарды Моңолдор тукуму деп айтылат. Булар да кыйла көп, бирок, кыргыздын бардык аймактарында айыл-айыл, топ-топ болуп жашашат. Булар Ак Моңолдор, Кара Моңолдор делип экиге бөлүнөт. Булардын баары «Оң» канаттан тарагандар.

«Сол» канаттан тарагандар — Чоңбагыш менен Караталдын тукумдары. Бул экөөнүн тукумдары бүт бойдон түштүк Кыргызстанда, Таласта жана Өзбекстандын Фергана аймагында жайгашкан.

Булак: “Улутман”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *